Акыркы макалалар

"Ош" аэропортунун директору кызматынан бошотулду

"Ош" аэропортунун директору Абдунаби Алиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, ал өз каалоосу менен арыз жазып кеткенин 1-июнда билдирген. Ал эми анын ордуна аэропорттун техникалык бөлүмүнүн башчысы Талант Исаков дайындалган.

Белгилей кетсек, буга чейин аэропорттун кызматкерлери Алиевдин жумуштан кетүүсүн талап кылып келишкен. Ошондой эле бул боюнча Жогорку Кеңешке кат менен кайрылышып, маселе көтөрүшкөн.

Эске салсак, 2014-жылы 27-декабрда "Ош" аэропортунан 5,6 миллион долларды тоноо фактысы катталган. Бул үчүн мекеменин жетекчилигин жоопко тартуу талабы коюлган болчу.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...