Акыркы макалалар

Балдарга каршы зомбулукту маалымдаш үчүн 115 линиясы иштей баштады

Кыргызстанда балдарга каршы зомбулукту маалымдаш үчүн 115 линиясы күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Акыйкатчы аппаратынын өкүлү Альберт Колопов балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, линия автоматтык түрдө баардык телефон чалууларды жазып калат: маалыматтар талданып жана укук коргоо органдарына берилет.

"Балдарга карата зомбулук көрсөтүү учурлары Кыргызстанда азыркы учурда көбүрөөк катуу мүнөзгө өтүп бара жатат",-дейт Колопов. Ал жумуш издеген ата-энелердин көбү (миллионго жакын жарандар) ички жана тышкы мигранттар болуп калышканын жана балдарын туугандарына же болбосо интернаттарга калтырып жатышканын белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, республиканын мектептеринде 2015-жылы 1 млн 27 миң 123 бала окуса, анын 22 627си ата-энесинин багуусунан ажыраган, 27 311и-жарым-жартылай жетим жана 48 403ү-социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары болгон.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...