Акыркы макалалар

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы кымбаттабай турган болду

Мамлекеттик отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча агенттик элди электр менен камсыздоонун өзгөчөлүгүн эске алуу менен, калк үчүн электр энергиясынын баасын кайра кошумча эсептеп чыкмакчы. Бул тууралуу аталган ведомстонун басма сөз кызматынан маалымдашты

Бааны кымбаттатууну кийинкиге калтыруу чечимин ведомство жетекчилиги президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчысы Темир Сариев менен жолугушкандан кийин кабыл алган.

Эскерте кетсек, 2017-жылга чейинки орточо мөөнөттүү тариф саясатына ылайык 2015-жылдын 1-июнунан тартып электр энергиясынын баасын 70 тыйындан 84 тыйынга чейин жогорулатуу пландалып жаткан. Бирок мамлекет башчысы бул норманы кайра карап чыгууну сунуштаган.

"Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен мамлекеттик агенттик калкка жана башка баардык электр энергиясын колдонуучу тараптарга жаңы тарифти киргизүү кийинчерээк ишке ашарын эскертет",-деп маалымдашты ведомстводон.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...