Акыркы макалалар

«ZАМАN КЫРГЫЗСТАН». Ш. Халилова: “Кыргызстандын желеги желбирегенде, менден бактылуу адам жоктой сездим”

«ZАМАN КЫРГЫЗСТАН». Ш. Халилова:  “Кыргызстандын желеги желбирегенде, менден бактылуу адам жоктой сездим”

- Ушул айдын башында Орусиянын Анапа спорттук шаарында кикбоксинг спорту боюнча кыз-келиндер арасында Дүйнөлүк кубок өткөн эле. Анда сен 1-орунду жеңип, Кыргызстанга аталган кубок менен кайтып келген экенсиң. Мына ошол жактагы башыңан өткөргөн мелдеш тууралуу кенен маалымат берип койсоң?

- Аталган шаарда бул спорт боюнча 2-октябрдан 8-октябрга чейин таймаш жүрдү. Анда 60тан ашык өлкөнүн спортчулары катышты. Мына ушунча мамлекеттердин арасынан Кыргызстандан кыз-келиндер арасынан жалгыз гана мен барган элем. Ал жактагы беттеште атаандаштарым менен татыктуу кармашып, алдыңкы орунду ээледим. Ошентсе дагы байгени алган менен бул беттеш көпкө чейин эсимен кетпес болду. Себеп, дегенде мелдештеги утушум оңойлукка турбады. Аз жерден аталган спорт менен да коштошуп кала жаздадым.

- Ошончолук таймаш кооптуу болгон окшойт. Бул спорттон кандайча кетип кала жаздадың?

- Мелдеште биринчи Орусиянын мушкер кызы менен кармаштым. Негизи орустардын кыздары менен бул спорттон кармашканда алар абдан эле тырышчаак келет. Мында да атаандашым чеберчилик менен таймашты. Бирок аны экинчи раундга келгенде жаткыра чаап, нокауд менен утуп алдым. Кийинки таймашта Түркмөнстандын спортчусу болду. Аны менен да кармашып жатып, ыгын келтирип туруп нокауд менен жеңдим. Ошентип үчүнчү таймашта финалистка болгон армениянын олуттуу мушкер кызына беттешке чыктым. Ал абдан эле өзүн кыйын сездиби же “мен мыктылардын мыктысымын” деп айткысы келгендей түр көргөзүп, мелдеште болгон каардуу күчү менен ургулап, тээп кирди. Кармашта андан кем калышпай мушташканыма ачууландыбы же эң маанилүү болгон жалгыз гана 1-орунду алгысы келдиби айтор бир учурда эле эрежесиз уруштун ыкмаларын колдонуп кармаша баштады. Тактап айтканда менин көз жагыма башы менен сүзүп кирди. Муну көргөн калыстар жана рефер (мушташты токтотуп ортого түшкөн адам) шак эле таймашты бир азга токтотуп, ага эскертүү берип, анан анын упайын ылдыйлатып жиберишти. Бир аз тыныккандан соң кайрадан беттеш башталды. Баягы сүзүп жиберген көз тушум көгөрүп, ысып, шишип чыкты. Мен ага карабай мелдеште армяндардын чымыр спортчусун ар кандай ыкмага салып жатып упай менен утуп алдым. Ошентип таймаш бүткөндөн кийин рингдин жанында турган дарыгер басып келип көзүмдү карап, текшере баштады. Анан эле ал “эгерде сени мурун жагыңа башы тийгенде, мурундан жарака кетип, экинчи мелдештерге сени катыштырмак эмес” дебеспи. Ошондо ичимен коркунучтуу жаракаттан Кудай өзү сактаптыр дедим.

-Жогоруда өзүң белгилеп кеткендей, эмнеге жалгыз “эң маанилүү болгон 1-орун” деп айттың. 2 менен 3-орун деле сыйлыктуу орундар болуп саналат эмеспи туурабы?

- Ооба, бул орундар да жакшы орундарга кирет дечи. Бирок биз үчүн алдыңкы орун алган адамга дүйнөлүк кубокту, дүйнөлүк чемпион, алтын медаль ыйгарылып жаткандан кийин маанилүү болбогондочу. Андан кийинки жеңүүчүлөргө мындай наамдар берилбейт да. Ошон үчүн кандай мелдештерге барбайын кыздар арасында бир канча алтын медаль алуу өжөрлүгү бар.

- Кубокту сага тапшырып жатканда кандай сезимдер келди?

- Сыйлыкты колго алганымда сүйүнгөнүмдөн кантип көз жашым тамып кеткенин деле байкабай калыпмын. Андан соң башка өлкөнүн арасында Кыргызстандын желеги желбиреп, гимн ойнолгондо менден бактылуу адам жоктой сезилди. Ишенесизби ушул убакка чейин дүйнөнүн сыйлыгын утканыма дагы деле өзүмө ишенбей кетем. Кээде эртең менен турганымда кубокту көрүп, бир сыйра кубанып, андан кандайдыр бир кубат алгандай болом.

- Ушундай жогорку деңгээлдеги беттештен 1-орунду биринчи жолу алган жоксуң да туурабы. Мындай сыйлыктуу орундарды көп эле жолу алыпсың. Муну билген мамлекет тарабынан кандай жардамдар келет?

- Кайдагы жардам. Аны айтасыңар мына ушул барып келген дүйнөлүк мелдешке өз каражатым менен баргам. Тактап айтканда ата-энем, досторум, машыктыруучуларым Рафаель Фидиев, Алексей Круц Орусияга барып кайра келгенге билет сатып беришкен. Бул мен үчүн аябагандай чоң жардам. Аларга мен ыраазычылыгымды айта кетким келет. Мындан тышкары, мелдештерге даярдануу үчүн “Стронг” менчик клубуна барып, ал жактан өз чөнтөгүмөн акча төлөп машыгам. Элестетип көрсөңөр спорт үчүн көп нерсени жасап, бардыгына өзүм чуркайм. Ал эми мамлекетке кайрылып жардам сураган менен эч кандай майнап чыкпайт. Дагы бир нерсени айта кетерим, мени таң калтырганы жеңиш менен көк ала болуп кайтып келгенде, Кыргызстандагы тааныштарым “жеңишиң үчүн ал жактан канча акча берди?” деп күйгүзүп сурашат. Мен өлкөбүздүн намысын коргоп, ал жактан ар кандай жаракат алып, анысы аз келгенсип өзүмдүн каражатым кетип жатканы менен алардын иштери жок.

- Мени дагы бир таң калтырганы, өзүң асыл аялзаты болуп туруп, бир гана аталган спорт менен машыкпастан өтө катаал болгон тай боксу, кармаш урушу, каратэ менен да алектенет экенсиң. Ушунун баарысы менен машыгыш, сен үчүн өтө эле оор эмеспи?

- Мен бала чактан бери эле машыгып, бул спорттун бардык ыкмаларын үйрөнгөм. Андыктан эч кандай деле мен үчүн оор эмес. Ошондуктан бир гана кикбоксинг мелдештерине катышпастан, айтылып өткөн спорттордун баарынын курама командасынын спортчусу болуп саналам жана таймаштарда кармашып келем.

- Бош убактыңда эмне менен алектенесиң?

- Учурда Ички иштер министрлигинин академиясында билим алып жаткандыктан жалаң гана окууга көңүл буруп жатам. Мындан тышкары, бир гана спорт менен машыкпастан күнүгө спорт залга барып машыктыруучу да болуп иштейм.

Маектешкен АБДЫРАЙ кызы БЕГАЙИМ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...