Акыркы макалалар

Ошто эки айда 22 турак-жай өрттөнүп кеткен

Акыркы эки айдын ичинде Ош шаарында 33 өрт кырсыгы катталса, анын 22си турак-жайдан чыккан. Негизги себеби электр энергияны пайдаланууда одоно эреже бузгандык.

Мындай маалыматты Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Эргешов билдирет. Ош шаарынын Дача аймагынын тургуну Шерик Эргешовдун айтымында, көп учурда өрт өчүрүү кызматы убагында келбей, буга байланыштуу да көп турак-жайлар өрттөнүп кетүүдө. Анын кошунасы Виктор Лопкаревдун үйү өрттөнүп, ал каза болгон. “Жергиликтүү тургундар өрттү өчүрүп бүткөндөн кийин гана өрт өчүрүүчүлөр келди”,- дейт ал. Бирок №12 аскерлештирилген өрт бөлүмүнүн күзөт башчысы Данияр Ашировдун айтымында, көп учурда жашоочулар өрттү кеч байкап калып, кеч кайрылышат. Жолдордогу автотыгындар жана көчөлөрдүн даректери да так эместиги абалды кыйындаштырууда. Адистер алар өрттү өчүргөндөн көрө алдын алган туура дешет. Ал үчүн аталган кызматта атайын бөлүмчө бар. Алар март айынын ичинде жеке турак-жайларга түшүндүрүү баракчаларын таркатышат. Андан сырткары, мектептерде, бала бакчаларда атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар түрдүү иш-чараларды өткөрүшөт. Бирок, ар бир үйгө кирип өрт коопсуздугун текшерүүгө алардын акысы жок. Ошондуктан ар бир жаран өзү тилсиз жоонун алдын ала алат.

15.03.2013, №10

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...