Акыркы макалалар

Ош-Баткен-Исфана жолун куруу иштери башталды

Соттун чечими менен «Чайна-Роуд» ишканасы тендердин жеңүүчүсү деп табылып, Ош-Ноокат жолун куруу иштерин баштоого киришти.

Бүгүнкү күндө топографиялык изилдөө жана Ош-Баткен-Исфана жолунун 10-28-чакырым аралыгын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Ош-Ноокат жолун куруу үчүн өткөрүлгөн тендерде кыргызстандык «Империал-Груп» жана кытайлык «Чайна-Роуд» ишканалары өз ара келише алышпай соттошушуп, мунун айынан Ош-Ноокат жолун куруу иштери кечендетилген. Ош-Сары-Таш-Эркештам жол башкармалыгынын башчысы Курманбеков Улукбек негизинен аталган жолду курууга акча каражаты өткөн жылы толугу менен бөлүнгөндүгүн билдирип, бирок тендерден жеңүүчү болгон кыргызстандык «Империя-Групп» жана кытайлык «Чайна-Роуд» компаниялары ортосунда келишпестиктер пайда болгондуктан соттошуп, үч жолу сот отуруму болгондугун билдирген болчу.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

15.03.2013, №10

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...