Акыркы макалалар

Турганбаев: Койдун өлүгүнүн сүрөтүн төгүп салышканда тартып алышкан

Турганбаев: Койдун өлүгүнүн сүрөтүн төгүп салышканда тартып алышкан

"Койдун өлүгүнүн сүрөтүн төгүп салышканда тартып алышкан экен. Бул маселе чечилет",-деп билдирди "Кабар ордого" Ысык-Көл областынын Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Турганбаев.

Эскерте кетсек, бүгүн, 26-майда Тоң районундагы таштанды төгүүчү жайга жана жолдун дал ортосуна өлгөн койлорду таштап кетишкенин окуянын күбөлөрү маалымдашкан жана окурмандар туристтик мезгил башталарда болгон мындай көрүнүшкө тынчсызданып, редакцияга телефон чалышкан.

Күнчыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Турганбаев айыл өкмөттүн жетекчиси катары таштанды маселеси ал үчүн эң орчундуу маселелердин бири экенин айтты.

"Айыл өкмөттүн жетекчиси катары таштанды маселеси мен үчүн эң орчундуу маселелердин бири. Бул айылдагы таштанды төгүлгөн Саке ажы көчөсү туристтик маанидеги жол болуп эсептелет, көл көрүнүп турат. Чындыгында бул таштанды төгүлгөн жер коңшу айыл өкмөтүнө, башкача айтканда Тоң айыл өкмөтүнө караштуу жер. Алар карабай койгондуктан, биз таштандыдын улам ыңгайсыз абал түзүбөсүн деп чыгарып кетип жатабыз. Таштандыны жумасына бир жолу чыгарып, тазалап турабыз. Жакын арада койдун өлүгүн таштап кетишкени тууралуу менде маалымат бар, учурда бул жагдайга чара көрүп, техника жиберилди. Койдун ыргытылып калган өлүгүн Бөкөнбаев айылындагы беккари чуңкуруна көмөбүз",-дейт айыл башчысы.

Айыл өкмөттүн айтымында, жергиликтүү тургундар таштанды үчүн айына бир үй-бүлө башына 25 сомдон акча чогултушат. "Бул болгону жылына 70 миң гана сом болот. Биз болсо ошол таштандыны чыгарууга жылыга 600 миң сом сарптайбыз",-дейт Турганбаев.

Бөкөнбаев - Коргонду – Булак айылдарынын трассасында чачылган таштандыны жергиликтүү тургундар ыргыта берип, өздөрү пайда кылып алышканынын айыл өкмөтү дагы тастыктады.

"Таштанды үчүн Административдик кодексте 600 сомдон 800 сомго чейин айып пул салуу каралган. Аны дагы айыл өкмөтү төлөтө албайт. Аксакалдар сотуна же болбосо сотко бериш керек. Мисалы, таштандыга 100 сом айып пул салышат. 100 сом айыл жергесинде деле акча болбой калган. 100 сомду төлөп коюп эле кайра таштанды төккөндөр, керек болсо бир унаа таштандыны таштап салган учурлар болот. Биздин балдар күнү-түнү менен график аркылуу ал жакты кайтарышат. Бирок кээде түнкүсүн жашырынып барып төгүп кетишет. Өздөрү кошунасына таштанды төгүп коюп, арызданып келген учурлар болот. "Эмнеге карабасың, биз минтип ооруп жатабыз" дегендер бар. Бирок тилекке каршы бул жаатта элибиздин маданияты өзү көтөрүлбөй жатат",-деген пикирин бөлүштү айыл башчысы.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...