Акыркы макалалар

Тигүүчүлөр үчүн атайын комплекс курулат

Бул туурасында вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев “Мода индустриясы - 2013” көргөзмө-жарманкесинин ачылуу аземинде билдирди. Анын айтымында, тигүү цехтери жайгаша турган жер Чүй областынын Военно-Антоновка айылынын аймагынан орун алып, жалпы аянты 50 гектер жер аянтын ээлемекчи. Кыргыз өкмөтү комплекстин курулушу менен жалпысынан 35 өнөр жай обьектилери ачылып, он миң адамды жумуш менен камсыз кыларын, өндүрүштүн жаңы деңгээлге чыгуусуна жана экспортту көбөйтүүгө ыңгайлуу мүмкүндүк берет деп ишендирүүдө. “Тигүү тармагы өлкөбүздүн экономикасына эбегейсиз салым кошуп жатат. Алсак, 2012-жылы 9 млрд. 283 млн сомдук кийим тигилген. Текстилдик өндүрүштө тигүү тармагы 86 пайызды түздү”,-деди вице-премьер-министр.

Учурда тигүү тармагында 150 миңден ашуун адам эмгектенет.

Белгилей кетсек, көргөзмө-жарманкеге негизинен ата-мекендик тигүүчүлөрдүн кийим-кечелери коюлду. Мындан сырткары, биринчи жолу чет мамлекеттерден келген 50 ишкананын өкүлдөрү катышууда. Иш-чара 17-мартка чейин уланат.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

15-март, 2013-жыл, №10

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...