Акыркы макалалар

Кыргызстандык тууралуу тасма Канн кинофестивалында үчүнчү байгеге ээ болду

Россиялык режиссерлор тарабынан сунушталган "Эркиндин кайтып келиши" деп аталган тасма 68-Канн кинофестивалынын "Синефондасьон" кыска метраждуу тасмалар программасында коло статуэткага ээ болду. Бул тууралуу фестивалдын расмий сайтында жарыяланды.

Бул фильм адам өлтүргөндүгү үчүн түрмөдөгү мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин кайрадан жаңы жашоо баштоого умтулган адамдын окуясын чагылдырат. Кинолентага кесипкөй эмес актерлор тартылган, алардын негизги бөлүгүн айыл тургундары түзгөн. "Эркиндин кайтып келиши" тасмасында башкы ролду Жалал-Абад областына караштуу Массы айылынын жашоочусу Кахрамон Мамасалиев ойногон. Режиссер Мария Гуськованын айтымында, фильмди тартуу идеясы реалдуу турмуштун негизинде алынган.

Үчүнчү сыйлыкты Испаниянын "Виктор ХХ" тасмасы дагы бөлүштү. Лауреаттарга 7 500 евро көлөмүндө акчалай сыйлык жана коло статуэтка берилди.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...