Акыркы макалалар

33 кыргызстандык өлкөдө террористтик жана экстремисттик ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн Сириядан кайтып келишти

Бишкек, 19-май /Ширин Төрөгелдиева-Кабар/. 33 кыргызстандык өлкөдө террористтик жана экстремисттик ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн Сириядан кайтып келишти. Бул тууралуу бүгүн коопсуздукту камсыздоо жана укук тартиптери боюнча кеңештин жыйынында Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Сирияда террористтик даярдыктан өтүп, КРда террористтик жана экстремисттик ишмердүүлүк жүргүзүүгө келген 33 жаран кармалды. Бул багытта МУКК иштерди улантууда.

Б.Табалдиев өлкөдө калктын динге ишенген бөлүгүн радикалдаштыруу улантылууда деп белгиледи.

“Компетенттүү органдардын чараларды кабыл алуусуна карабай эл аралык террористтик уюмдар алдоону улантып, согуш жүрүп жаткан аймактарга жөнөтүп жатышат”,-деди ал.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...