Акыркы макалалар

Баткендин эки мектеби информациялык технологиялар класстарына ээ болду

Баткендин эки мектеби информациялык технологиялар класстарына ээ болду

Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Т.Садыков жана Ж.Момунов атындагы орто мектептерде информациялык технологиялар класстарын салтанаттуу ачуу аземи өттү. Эки мектептин информатика кааналарын жаңы заманбап үлгүдөгү информациялык технологиялар менен жабдуу үчүн жалпы суммасы 836 425 сомду түзгөн 26 компьютер, принтерлер, экраны менен проектор жана окуу эмеректери сатылып алынды. Ак-Татыр айыл аймагы жана мектеп администрациялары тарабынан класстардын оңдоо-түзөө иштерине, коопсуздукту камсыз кылуучу тосмолорду орнотуу жана класстарды жасалгалоо, көрсөтмө куралдар үчүн суммасы 70 миң сомдон ашуун каражат жумшалды.

Мектептердеги мугалимдердин айтуусу боюнча буга чейин предметтик сабакты өтүүдө компьютерлердин эскилиги жеткендигинен жана аз санда гана болуп бардык балдарга жетишпегендигинен бир катар кыйынчылыктарга дуушар болуп келишкен. Бирок бүгүн 2 мектептин классы заманбап компьютерлер, интернет модемдери жана проектор экрандары менен камсыздалып билим сапатын мындан ары жогорулатууга толук шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи.

Жаңы информациялык технологиялар класстарын ачуу КРнын Швейцария элчилиги тарабынан колдоого алынган “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунун Баткендеги филиалы тарабынан жүзөгө ашырылып, “Баткен облусундагы чек ара аймактарында тынчтыкты куруу жана чыр-чатактарды чечүүдөгү ортомчулук” долбоорунун алкагында түзүлдү.

Ага КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укукту өкүлү Ж.Разаков, Баткен районунун акими К.Салихов, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Эл аралык толеранттуулук фондунун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар, мектеп окутуучулар жамааты жана окуучулар катышты.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...