Акыркы макалалар

Табылды Эгембердиев: Толтура пландарым бар, бир эле проблема - акча жетпейт

Табылды Эгембердиев: Толтура пландарым бар, бир эле проблема - акча жетпейт

Кыргыздын таланттуу ишкери, "жоктон бар кылып" бизнес жасаган, улуттук суусундукту кадыр-баркын эл аралык бийиктикке чыгарган Табылды Эгембердиев агабыздан ажырадык. Бул макала "Кабар ордо" сайтына 2014-жылы 4-декабрда жарык көргөн. Ишкерди дагы бир ирет эскерип, окурмандарга маекти сунуш кылабыз.

Байларга суктанабыз, көз артабыз, көп учурда көрө албайбыз, анын мындай деңгээлге кантип жеткенине кызыгабыз. Талыкпас эмгектин арты менен туруктуу ишин жүргүзүп жаткан ишкерлер арбын. Алардын бири Табылды Эгембердиев. Азыркы деңгээлге кантип жетип, байыгандын сырлары менен бөлүштү.

- Адамдын ушундай деңгээлге жетишине өжөрлүк менен акчадан башка дагы эмне керек?

- Башты иштетиш керек, ар бир адам өз мүмкүнчүлүгүнө жараша иш кылганы туура. Биз эмне үчүн максымдан баштадык, ошол кезде бизде же жер, же техника жок болчу. Мамлекеттин эч нерсе менчиктештирген жокпуз. Биринчи максымды жасаш үчүн апамдын Арашандагы үйүнөн баштадык. Үч жыл ошол жерде болуп, анан Бишкекке көчүп келдик. "Колуман эмне келет" деп биринчи ойлонуп алып, жашаган шартына, адамдарга эмне керек деп ой жүгүртүп туруп бизнес баштаган оң. Кыргыздар жалкоо калк эмеспизби, бир жумушту баштаары менен эртеси эле байып кеткиси келет. Илгери бир уруунун жылкысын экинчиси чаап келип ошону менен элин багып баатыр аталышкан. Мал багып, койдун артынан ээрчип жүрө берген деле жалкоонун жумушу. Ал эми күн сайын тынбай иш кылыш, мисал үчүн там салыш кыкен үчүн бир азап да. Кытайга барып таң калдым. Уйгурлар буудай айдаганы менен чалгы чапканды билишпейт экен. Кыргыздарды жалдап чаптырышат. Там сал десең кыргыздын жаны чыгат, буудай, чөп чапса жумуштун майын чыгарышат. Менин айылымда деле баарына бирдей жер, бирдей шарт, бирок бирөө миң кой айдап жүрөт, бирөөнүн бир кою жок. Буга ким күнөөлүү? Чыдамкайлык, сарамжалдуулук керек. Экономика деген сөздүн кыргызча мааниси сарамжалдуулук . Кыргыздын чөнтөгүнө акча түшсө той бергенге шашат. Бири-бирине кошумча берип жатып, арак ичишип болгон акчасын жок кылышат. Жакшы жашайын деген максат керек, жөнү жок чыгымдарды токтотуш керек. Мен туугандарыма барганда: "Үшүсөң сен үшү, малың үшүбөсүн, биринчи там салбай, сарай сал. Малың жылуу жерге жатып көбөйгөндө байлык өзүнөн-өзү келет" деп көп айтам. Илгери кыргыз учурашканда "мал-жан аманбы?" дешчү, биринчи малды анан жанды сурашчу. Чынында эле мал болбосо ал заманда кыргыз кырылып калмак да. Ал эми Кытайда болсо "сен тамак жедиңби?" деп учурашат экен. Ачарчылыктын азабын, кыйынчылыктарды көп тарткан калк да. Алардын дүркүрөп өнүгүп жатканынын бир себеби ошондодур? Анан убакыт эң негизги байлык экенин көпчүлүгү билбейт.

- Шаан-шөкөт демекчи, сизге да тойлорго чакыруу көп келсе керек?

- Бир күндө үч-төрт жерден келет. Шартың, убактың барбы аны менен иштери жок. Илгери тойго чакырылбай калсаң "Мени киши катары санабайт" деп таарынышчу, Анда иштемиш болуп коюп эле баарыбыз бош журчубуз. Азыр болсо көпчүлүгүнүн жумушу бар. Анан да барган жерине тажатып он сааттан ашык отурушат. "Таарынсаң Таласка кет" деп көпчүлүк учурда барбай коём. Анткени менин убактым тар, ишим көп. Бай деген Европа өлкөлөрүндө да акчаны бизчелик ысырап кылышпайт. Ал сараңдыктан эмес, сарамжалдуулука таянып калыптанган жашоо маданиятынан ... Курсагы 200 грамм этке тоюп турса, эки килограмм этти бышырышпайт. Бизчелеп килтейтип устукан тартып, үйүнө салып бербейт. Бирөө каза болсо беш-алты бээ союшуп өзүнчө эле тойго айландырабыз. Биз деле ошол тирүү жүргөн бээни байлык катары кабыл алсак, кийин бир керекке жарамак. Аны көпчүлүгү түшүнүшө бербейт.

- Принцип деп калдыңыз өзүңүз акчаны кандай принцип менен коротосуз?

- Мен акчаны эсептебеген кишимин. Чөнтөгүмө көп деле акча салбайм. Болгон каражатты өндүрүшкө салганга аракет кылам. Өзүмө бут кийим алсам да заарканып турам, "ушул акчаны өндүрүшкө салайынчы" деп. Көп той бербейм, элүү жылдыгымды да берген эмесмин. Бала-бакырага той берсем да элүүдөн ашык киши чакырбайм, чакырсам да эки-үч саатка чакырам. Конокторго көп барбайм, өзүм да көп конок чакырбайм. Керектүү кишилер менен бизнес тууралуу сүйлөшөм. Бир ооз сөз менен айтканда коноктордун санын болушунча кыскартканга аракет кылам. Бирок туугандарым үйүмө тындырбай эле бат-бат келип турушат, бирок алар менен чогуу чай ичкенде эле кобурашканым болбосо, көнүл бурбай өз ишимди кылып отура берем. Алар мага таарынам деп ойлоп да коюшпайт. Көнүп калышкан. Мен жасап жаткан ишимден жана жасай турган иштерим тууралуу ойлонуп кыялдангандан рахат алган кишимин. Бизнес бул кумар сыяктуу адамды азгырат. Алдыга койгон мен учун кызык пландарым бар. Кычырап кийингенди, галстук тагынганды аябай жаман көрөм. Мынабу "Супараны" бир жарым жылда курдум, өзүм кошо өтүк кийип баткак кечип иштеп жүрдүм. "Супараны" курганымдын негизги максаты - кыргыздын илгерки маданиятын, жашоо- шартын , каада-салтын китептен эмес көз менен көрсүн деген ой. Келген элдердин баары ыраазы болуп жатышат. Чет мамлекеттен келгендер таң калып жарым саат сүрөткө тартып жүрүшөт. Алар жалтырак-жултурактан тажап, кыргыздын илгерки турмушун, тарыхын көргөнгө кызыгып келишет да. Булактын суусуна, очокко бышкан нукура кыргыздын тамактарынын керемет даамына суктанышат. "Супараны" курганга көп деле каражат кеткен жок, себеби таш топурак камыш чырпык ушул эле жерден чыкты. Мен үчүн акча көп мааниге ээ эмес десем көпчүлүгү ишенишпейт. Акча мен үчүн алдыга койгон максатыма жетүүгө жардам бере турган каражат.

- Кайырчыларды көргөндө кандай ойго жетеленесиз?

- Адамдын тагдыры өзүнүн эле колунда болот. Биздин өлкөдө укмуш байып кетпесең да кара жаныңды тыңыраак багып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Көчөдөн лөлү, цыгандарды көрсөм бир тыйын да карматпайм, өлөрчө жек көрөм. Кайырчылык алардын кесиби. Мастарга да бербейм. Бирок ушунчалык таптаза кийинип алып турган орустун кемпирлерин көргөндө суратпай эле машинеден өзүм түшүп барып, чоң суммадагы акча берем. Алардын көпчүлүгү мурда мугалим, доктур болуп иштеп жүргөн интеллегент адамдар болушат. Айла жок кайыр сурап чыкканы көрүнүп турат. Андайларды көргөндө боорум ооруйт.

- Карызга көп акча бересизби же карызга көп аласызбы?

- Бизнесимди карызга алып жүрүп бүтүрдүм. Кредитим да бар, карызым да, аласам да бар. Анан карызга берген акчамдын кайтканын көргөн жокмун. Жаман көргөн кишиңе, тууганыңа карызга эле акча берип коюш керек экен. Ошондон нары жоголот. Мен көп иштейм, аз уктайм. Толтура пландарым бар, бир эле проблема - акча жетпейт. Биз. бизнесмендер, өлөөр-өлгөнчө акча жетпей, акча издеп жүрүп өлчү эл болот окшойбуз…. Жеп-ичиш үчүн эмес, бир иш кылыш үчүн акча издейбиз. Ал эми кылган ишибизден төлөнгөн салыгыбыздын саны элибизге кылган кызматыбыздын эн негизги көрсөткүчү деп эсептейм жана мен жана мага окшогондор өмүрү өткүчө ошол көрсөткүчтү көбөйтүүнүн азабынан ыракат алып өтүшөт….

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...