Акыркы макалалар

Дартты туура аныктоо – балдардын калыптануусун жакшыртат

Баланын алты саны аман, акыл-эси оў, ден-соолугу чыў болсо, эненин бактысы ошондо белем... Бели тїшкїчє кєтєрїп, эреркеп боздогон энени кєрїп чыдабадым. Мїшєк ундай суналта доктурдун бєлмєсїндєгї керебетке таштай берген баланын да кылгырып жашы кєзїндє эле. Кылт деп сызыла бергенде жашоого тойгон ємїрдїн мїнєттєрїн, кыйналган жандын, куураган балалыктын кунарсыз жїзїн кєрїп, сыздап кеттим. Бирєєгє бар дїйнє, бирєєгє кор дїйнє белеў, жараткан..? Болгон муунун сыздатып оорутпасаў экен, таштаган атанын, тїйшїккє баткан эненин кєз жашын кєрсєтпєсєў экен, кантейин дедим. Болбосо, берекеўдин эртеўки кїнї караўгы болсо, жашоого бир ооруу їчїн жараткан кїнєєў їчїн ємїрдїн єксїїсїн тартып єтєєрїў кыйын экен.

Бул кїндєрдєн бери тєрт жыл єттї. Бирок, ошол баланын тунарган кєздєрї али кїндєй кєз алдымда. Ар бир мїмкїнчїлїгї чектелген балдарды кєргєн сайын ушундай кыйналган сезимди туюп, аяп турам. Анткени, алардын жашаган-баккан чєйрєсї тїрдїї келет. Бирєєнїн камкордугу бар болсо, экинчиси эптеп кїн єткєргєндєр, айрым кезде кайыр суратып, кєчєгє саргарта таўып койгон учурлар кездешет.

Анан келип, аларга 90% коюлган аныктамасы (диагнозу) балдардын церебралдык параличи, анан качанкы Совет мезгилинен калган айыкпас дарт тїшїнїгї сиўип калган. Жада калса эгемендїїлїгїбїздїн чейрек кылымы да жаўы алдын алуу, дарттын башка формаларын аныктоо менен калкты жаўыча маалымдоо жагын иштеп чыга алган жок. Азыркы кїнгє чейин аутизм, Ретт синдрому, ДЦПнын жаўы формалары боюнча адистер жокко эсе. Учурда дарттын єзїнєн мурун медицинада туура эмес аныктама берїї менен аларды бир тїрдїї дарылоо жолу коомдо балдардын мїмкїнчїлїгїн эрте чектеп, эпилепсиянын кїч алышын жаратууда. Неврологиялык ооруулардын генетикалык лабораторияларысыз эле физиологиясына карап, электроэнцефалограмманын кєрсєткїчї аркылуу аныкталып жатышы балдардын калыбына келїї мїмкїнчїлїгїн талкалоодо. Буга карапайым калкка маалыматтын жетишсиздиги, караўгылыгы, элдик медицинага ишенип, дартты коррекциялоо убакытысынан єткєрїп жиберїїсї, религиялык мїнєздє бир тууган уруктун балдарынын баш кошуусу астында гендик чынжырчанын бузулушу кошумча болуп, балдардын тагдыры дале болсо кєз жаздымда калууда.

Балдардын мїмкїнчїлїгї чектєєдєн мурун ар биринин кыймыл аракети, физиологиялык, психологиялык айырмачылыктарына карап изилдеп, аларды атайын топторго бєлїп, дарттын кїч алышына бєгєт коюу - негизги милдет. Себеби, элге тааныш эмес бир эле Ретт синдрому їч аныктаманы бир камтыйт. Бул баланын интеллектуалын жогорулатууга кыйын болгон генетикалык оорунун эў оор формасы катары эсептелет.

Ретт синдрому – 1:10000 катыштыкта кєпчїлїк учурда кыздарда кездешїїчї, толук акыл эстен алуучу эў оор психоневрологиялык тукум кууган оору. Мында тєрєлгєн балдар 1-1,5 жашка чейин толук кандуу, эч белгилерсиз жетилет дагы, андан соў тез аралыкта сїйлєє, кыймыл-аракет, кызыгуу, ой жїгїртїї интеллектуалы жоголуп, колдорун максатсыз багыттап, сїртїї, тытуу, тишин кычыратуу, бир чекитти тиктєє адатка айланат. Титиреп-калтырап, айрым учурда толук эсин жоготкон абалдагы симптомдуу эпилепсия кармап турат. Мындай синдромдо балдардын церебралдык параличи (ДЦП), балдардын эрте аутизми кошо тартылып, баланын алсыз денеси їч чоў дарт менен бир убакытта кїрєшєт. Ретт синдрому аныкталган балдар мезгилсиз кєзємєл менен кїнїнє 4 сааттык кыймыл-аракет, эс-акыл кабылдоосун коррекциялоо сабактарына муктаж. Калган убакыттар сєзсїз дарылануу, укалоо, дене тарбиясы менен коштолуп турууга тийиш.

Кыргызстанда бул дартка кабылган балдардын саны єтє арбын. Бирок, учурда генетикалык синдромдорго изилдєєлєр болбогон соў бул боюнча бир да бала каттала элек. Мындай балдарга коюлуп жаткан аныктама – ДЦП.

Аутизм болсо – балдардын кыймыл-аракетинде физиологиялык туруктуулукка карабай, баш мээнин иштєєсїнїн, єнїгїїсїнїн бузулушу болгон, кыздарга караганда эркек балдарда тєрт эсе кєбїрєєк кездешкен дарт. Аутизм адамдын башка адамдар менен мамиле тїзїп, баарлашуусуна тоскоол болот. Балдар бир режимди бузбастан карманса жана кандайдыр бир иш-аракеттерди улам-улам кайталап жасай берсе, мисалы, буюмдарды тынымсыз жыйнай берсе же белгилїї бир режимди катуу карманса, андан аутизм дартын байкоого болот. Аутизмдин белгилери айрым учурларда таптакыр билинбесе, айрым учурларда ачык эле кєрїнїп турат. Ушул четтеп кетїїлєрдїн бардыгы адамдын баарлашуу жана мамиле тїзїї шыктарынын ар кандай деўгээлде начарлашы, ошондой эле жадатма жїрїм-турум менен мїнєздєлєт.

Аныкталган белгилердин негизинде, баланын жїрїм-турумуна эртерээк кийлигишїї – кыйла натыйжалуу дарылоо ыкмасы болуп эсептелет. Мындай балдарга сїйлєє жана эмгек терапияларынын чоў жардамы тиет.

Айтайын дегеним, бул белгиленген оорулар туура аныкталса, туура дарылоо менен ата-энесине туура багыт кєрсєтїлсє, генетикалык оорулар боюнча элге белгилїї маалыматтар берилип, жаштарга атайын гендик катыштардын маанилїїлїгї окутулуп турса, сєзсїз мїмкїнчїлїгї чектелген балдардын санын азайтууга болот, деп ишенем.

Балдарыўыздардын ден-соолугун коргоўуздар, урматтуу окурмандар..!

Даярдаган Фарида Кыязова

Кошумча маалыматтар

“Ден-соолук” энциклопедиясынан алынды

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...