Акыркы макалалар

“Сунган колду суутпай...” же кыргыздардын тамактануу маданияты

“Сунган колду суутпай...” же кыргыздардын тамактануу маданияты

Кыргыз эли байыртадан урмат-сый, улуу-кичїї, абийир-намыс дегенди бийик кармап, канга сиўген маданиятын муундан-муунда сала берип, атадан балага, энеден кызга єткєн акыл-насаат, тарбия-батанын кїчї артып, жашап келет. Мына ошолордун бири – кыргыздардын тамактануу маданияты. Биз кезектеги гезитибиздин биомаданий тїркїмдїїлїк бетине сиздердерге бир канчалык єзїбїздїн тамактануу маданиятыбызды даўазалап, болгон тартибинде ачып берїїгє аракет жасадык.

ДАСТОРКОНГО ЖАЙГАШУУ ТАРТИБИ

Кыргыздын їйїнє кире бергенде бєлмє тараптары сєзсїз “тєр”, “оў жак”, “сол жак”, “улага” деп айырма аталыштарга бєлїнєт. Тамак ичїїдє адамдар дагы дасторкон четине дал ушул бєлїнїшкє жараша жайгаштырылат. Анткени, кыргыздарда аталган тєргє жайгашуу їй-бїлє мїчєлєрїнїн же коноктордун жашына, жынысына, жээк-жааттык катышына жана мансабына жараша иргелип, улуулатып жайланышып отуруунун тартиби катуу сакталган. Олтуруунун мындай тартиби бардык жерде: аш-тойдо, жамандык-жакшылыкта, їй-бїлє тамактанып жатканда жана талаа-тїздє тамактанып жатканда кармалат.

Салтка ылайык кыргыздарда эў кадырлуу орунга - тєргє їйдїн ээси отурган. Анын сол жак тарабына байбичеси, анын жанына кыздары, андан кийинки бош орунга босогону карай келиндери отурушкан. Мында келиндер єздєрїнїн жашына эмес, кїйєєлєрїнїн жашына карата улуулата отурушкан. Тамак ичилип жатканда конок келип калса, їй ээси тєрдєгї ордун коноктордун эў улуусуна бошотуп, єзї байбичесинин ордуна жылып, байбичеси анын сол жагына отурган. Калган коноктор тєрдїн оў жагына - їй ээсинин уулдарынын ордуна отурган. Коноктор жайгашып бїткєндєн кийин їй-бїлєнїн калган мїчєлєрї босогону карай єз тартибинде жайгашышкан.

“Бата баштан, суу аяктан”

КОЛГО СУУ КУЮУ

Кыргызда їйгє келген коноктун «колуна суу берїї, колуна суу куюу» парз катары каралган. Колго суу куюунун тарбиясы да їйдє бекем иштелет. Баланы кичинесинен элге жумуш кылуунун башат тарбиясы катары башкалардын колуна суу куйдуруп кєндїрєт. Єз їй-бїлєсїндєгї бир бїлє кишилерден эў кичїї бала кумган кєтєрє алгандай болгондон баштап эле ал їйдїн колго суу куюу милдетин єзїнєн удаалаш улуусунун колунан алат. Їйдєгї чоўураак кишилер кумганга чабыштырып даярдап койгон сууну чылапчын менен кєтєрїп, сїлгїнї ийинге арта салып, эў тєрдє отурган їйдїн улуусунан баштап колго суу куюп, їйрєнє баштайт. Ата-эне куюп жаткан суу єтє калыптуу ченемде, їзїп-їзїп куюлушу керектигин айтып, бала колго сууну єз эрежесин сактап, аябай ыйбаа кылуу менен куюушун милдет кылат.

Колго суу куюу жумушу - ошол їйдїн балдарынын талашкан жумушу болуп калуусунун себеби да, їйдєгї улуу-кичїїнїн батасын кєп алууну максат кылгандыгынан болгон. Анткени, ата-эне колго суу куйган уулдарына єтє астейдил мамиле жасап, баланын кєєнїнїн кєтєрїлїїсї їчїн жакшы тилектїї сєздєр менен бата берип, тарбиялап туруусу илгертен аткарылып келген. Бул жєрєлгє балдардын кичи пейил болуп чоўоюушуна жана башка бирєєгє кызмат кылуу кєкїрєгїн ачып келген.

Ал эми келген коноктордун колуна суу куюу кыргыздарда бекем эреже менен аткарылган. Анын негизги эрежелери:

1. Суу куя турган кумган таза, бїтїн , капкагы бек жабылган болушу;

2. Суу куюла турган чылапчындын тїбї бїтїн, єзї таза жуулган болушу;

3. Кумгандагы суу тамактануу алдында кирген кезде куюлса жылымык чабыштырылып, тамактанып бїткєндє кичине ыкчам болушу;

4. Дасторкон салына элек болушу керек.

Мына ушул шарттар даяр болгонун колго суу куюучу бала кєўїлїнє туюп болгон соў, анан суу куюуну баштайт.

Дасторкон салынып, тамак тартылуунун алдында колго суу сол тараптан башталып, оў тарапка карай (ар бир аймактын усул-мїнєз салтына жараша тїрдїї багытта) куюлат. Суу куйганда чылапчын жерге коюлуп, же жерге тиер-тийбес кєтєрїлїп, сол жак кол менен кармалат. Оў колдо кумган сабынан кармалып, бармак менен капкагы этияттап басылып турат. Сууну їзїп-їзїп колдун жарымынан кєбїрєєк жайылгандай ченемде їч мертеме куюлат. Шар куюп коноктун кийим-аягына суу чачыратууга, же тамчылатып куюп, конокту зарыктырып, келбээртип туруп алууга болбойт.

Суу куйган бала сєзсїз бїгїлїп туруп, ыйбалуу куюусу, мїрїгє арта салган сїлгїнї башкы кишиге кош колдоп сунушу керек. Дасторконго бата кылынып, дасторкон жыйылган кезде колго суу куюуда кайра оў тараптан сол тарапка карай багытталып (ар бир аймактын усул-мїнєз салтына жараша тїрдїї багытта), ушул эреже боюнча болот. Мына ушул чоў милдетти аткарып, колго суу куйган балага ар бир конок бата берген, же кыска ак тилектерин айтышкан.

Кыргызда їй ээсинин эстїїлїгїн колго суу куйдуруу тартибинен эле конок ичинен акырын баалай турган. Кадыресе мына ошентип, їй ээсинин тарбия кєрїї деўгээлин бир гана колго суу куюу єтмєлїгї менен сынап ташташкан.

“Бышкан ашты

таштабайт..”

ДАСТОРКОН САЛУУ

Кыргыздарда тамак ичээр алдында милдеттїї тїрдє дасторкон салынат. Аны салууда жана колдонууда тємєнкїдєй салттуу эрежелер кармалган: жайылган дасторконго адам аркасын салып же ага карай бутун сунуп отурбай. Дасторконду тескери жагынан салбайт, аттабайт, тебелебейт жана жайылып турган дасторконду тегеренбейт. Кыргыздардын салттуу тамактануу адебине ылайык дасторкондун баш жагы жана аяк жагы болууга тийиш. Аны салып жатканда дайыма баш-аягына карап салынган. Мында дасторкондун баш жагы дайыма тєрт тараптан башталып салынууга тийиш.

Мурунку убакта дасторконду кездемеден жасашкан. Аны эки тарабынан теў сала беришкен эмес, дайыма бет тарабын асманга карата салышкан. Эгерде дасторкондун кєлємї чоў болуп, бїктєєгє туура келсе, анын бїктєлгєн туюк жагын улаганы каратпайт. Дасторконду тегерете салынган жер тєшєктї салууда да жогорудагы эрежелер абдан катуу сакталган. Анткени, кыргыздарда дасторкондун же жер тєшєктїн туюк жагын босогону каратса, ошол їйгє кире турган ырыскынын, кирешенин жолу тосулат же ошол їйдїн ээсинин жолу тосулат деген ишеним єкїм сїрїп келген. Жыртык дасторконду колдонушкан эмес, себеби эл арасында сакталган ишеним боюнча берилген бата, ырыскынын бардыгы дасторкондун жыртыгы аркылуу тїшїп, жерде калат деп эсептешкен. Ошондой эле дасторкон жасала турган кездеменин єўїнє даа маани беришкен. Адат боюнча дасторкон ак же ачык тїстєгї кездемеден болууга тийиш.

Кыргыздардын салттуу чарбачылыгына ылайык мал кайтарууда, дыйканчылык кылууда, аўчылык жасоодо тамактанууга туура келсе, дасторкондун ордуна куржун, белге байлоочу оромол, баштык пайдаланылган. Эгерде ат їстїндєгї адамга кымыз, айран, максым, бозо же башка суусундуктардын тїрї сунулса, ал адам суусундук куюлган идишти адегенде ат жалына тийгизип, андан кийин ичкен. Кабыл алынган эреже боюнча дасторкон салынгандан кийин тамак-аштардын ичинен адегенде дасторкондун ортосуна нан коюлуп, андан кийин калган тамак-аштардын тїрлєрї жайгаштырылат. Кыргыздарда "жайылган дасторконду жалдыратпайт, бышкан ашты кїттїрбєйт" деп, дасторкон жайылып, тамак даяр болуп калганда їй-бїлє мїчєлєрї жасап жаткан бардык иштерин таштап, тамактанууга отурууга тийиш болгон.

СУУСУНДУК СУНУУ,

ЧАЙ КУЮУ

Куюлган тамак, суусундук же чай дайыма улуулата берилген. Аталган тамактарды бармагын тийгизбей жана чайпалтпай оў кол менен сунушкан. Ал эми сол колу оў колунун астында, чыканактын тушунда болгон. Сол кол менен сунуу адамга кєўїл бурбагандыкты, сыйлабагандыкты жана жактырбагандыкты билдирген. Сунулган суусундук дасторкондун їстїнє коюлбастан, колдон-колго єткєрїлїї менен дасторкондун тєр жагында отурган улуусуна сунулган. Коюлган суусундуктарды колдон-колго єткєрїп сунуп жатканда оў кол менен алынып, оў кол менен узатылат. Ал эми чыныдагы суусундук же чай тїгєнїп, кайра куюп жаткан адамга узатканда да оў кол менен ишке ашырылат. Кыргыз эли ар бир сєзгє маани берген сыўарындай эле, ар бир кыймыл да кєз жаздымда калган эмес. Ата-бабалардан калган улуу мурастар колдон-колго, муундан-муунга єтїп доор сїрїп, кылым алмашып отуруп бїгїнкї кїнгє жетип келди. Ата-бабалардын бизге калтырган кєєнєргїс мурастарынын бири руханий байлык болуп эсептелген "тарбия башаты" деп атасак болот.

Урматтуу окурмандар, кыргыз элинин маданият мурастарын унутта калтырбай, келечек муундарынын эсине салып туруу максатында кыргыздардын тамактануу маданиятын баяндадык. Эмки саныбызда устукан тартуунун адеби, орду, тартиби тууралуу кеп кылмакчыбыз.

Бетти даярдаган

Фарида Бектурганова

Кошумча маалыматтар байланыш

булактарынан алынды

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...