Акыркы макалалар

Тамчылатып сугаруу – суунун корун їнємдєєчї технология

Тамчылатып сугаруу – суунун корун їнємдєєчї технология

Суунун жетиштїї болуусу єсїмдїктєр їчїн, жалпы эле айыл чарба жана єнєр жай їчїн абдан мааниси чоў. Анткени, 1 т. эгин єстїрїї їчїн 1000 м3, 1 т. кїрїч їчїн 4000 м3 суу талап кылынат. Мындайда, сууну їнємдїї пайдалануу, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу ар бир єсїмдїктї белгиленген єлчємдє суу менен тегиз камсыз кылып, сапаттуу тїшїм алууга кємєктєшєт. Бул багыт боюнча Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдында жаўы ачылган айыл чарбасына заманбап прогрессивдїї ресурс їнємдєєчї технологияларды киргизїї борборунун жетекчиси Сагынбаев Аскарбек Авазбекович маанилїї маалыматтар менен бєлїшкєн эле. Анда кеп кезеги маекте болсун.

- Аскарбек Авазбекович, жаўы борбор ачып алган экенсиздер, максаты эмнеде болду экен?

- Ооба, ачылганыбызга эки ай болду. Азыр Кыргызстанда да аба ырайы кескин єзгєргєн чагы эмеспи. Анын кесепетинен канча кырсыкка учурап, канча чыгым тартып жатабыз. Бизди былтыркы кургакчылык менен жакындагы їшїк эле кандай абалга алып келип койду. Мындай нерселер эртеўки кїнї кайталанбайт дегенге кепилдик калбады. Себеби, жыл єткєн сайын таза суунун єзїнїн запасы азайып, бери дегенде 2003, 2008, 2012, 2014-жылдарда болуп єткєн кургакчылыктын кесепети байкалууда. Демек, биздин эў негизги милдет - алардын алдын алуу гана болуп турат. Ошол себептен, биздин министрлик бул учурларды кєзємєлгє алуу менен їстїбїздєгї жылдын март айында айыл чарбасына заманбап прогрессивдїї, ресурс їнємдєєчї техникаларды, кїнєсканаларды куруу, тамчылатып сугаруу менен жамгырлатып сугарууну киргизїї боюнча борбор тїздї. Борбордун максаты суу ресурсун їнємдєє, тамчылатып сугаруунун ыкмасын жайылтуу боюнча дыйкандарды жогорку даражада окутуу, їйрєтїї, аларга бул технологияны жайылтуу болуп эсептелет.

- Былтыркы кургакчылыктын кесепети баарыбызга белгилїї, ал маселени чечїї максатында быйыл атайын завод курулуп, февраль айында ишке киргизилээри маалымдалган эле. Анын азыркы абалы кандай?

- Былтыркы жылы август айында атайын меморандумга кол коюлганы менен салына турган завод боюнча Кытай инвесторлору маалымат жообун бербей жатат. Негизи, завод Сокулук районуна курулуп, февраль айында ишке киргизилмек болчу. Тилекке каршы, белгисиз себептер менен инвесторлор жактан колдоо болбой калды. Бирок, бул долбоор ачык бойдон турат, башка инвесторлорго дагы сунуштап, ишке ашырууга аракеттерди кєрїп жатабыз. Анткени, завод курулуп калса, болгон каражат жабдуулар комплекстїї тїрдєє єзїбїздєн чыгып, дыйкандарга да жеўил болот эле.

- Жакында уюштурулуп єткєн тегерек столдо дыйкандарга тамчылатып сугаруу технологиясы боюнча насыя берїї каралган эле. Насыя алуунун шарттары кандай болмокчу?

- Учурда биздин борборго ошол тегерек столдо каралган насыя берїїнїн шарттарын иштеп чыгуу милдеттери жїктєлгєн. Биз бул боюнча тынымсыз иштеп жатабыз. Азырынча, насыяга байланыштуу каралып жаткан маселелерге кайрылуу али эрте. Ал абдан бышып, туура иштелип чыгыш керек. Мисалы, “Айыл чарбасын каржылоо – 3” долбоорунда насыя эки жылга берилет, ал эми биздин борбордун максаты- алгач єсїмдїктєрдїн тїрлєрїнє карап туруп, дыйкандарга жеўилдетилген насыяларды берїї менен алардын кайтаруу мєєнєтїн узартуу болуп жатат. Анткени, мємєлїї дарак тиккен дыйкандар тїшїмїн 3-4 жылдан кийин гана кєрїп жатпайбы. Мына ушул нерселерди биз банктарга туура тїшїндїрїп, анан аларга тєлємдїн каникулу боюнча атайын шарттарды коюшубуз керек.

- Мына быйыл министрлик айдоо жерлерин 4 миў гектарга кєбєйттїк деп жатасыздар, бул жерлердин сугат жагы каралганбы?

- Бизде республика боюнча 100 миў гектар жер иштетилбей жаткан айыл чарба багытындагы жерлер болуп эсептелет. Айыл чарба министрлигинин иштеринин негизги максаты - ошол жерлерди жыл сайын акырындап єздєштїрїї. Мына былтыр 8 миў гектар жерди киргизсек, быйыл 4 миў гектар жер иштетїїгє берилди. Бул жерлер – суулуу жерлер. Буга чейин иштетилбей келгендигинин ар бир аймакта ар кандай себептери бар. Биз негизинен тамчылатып сугарууну кайрак жерлерге гана же суу тартыш болгон жерлерге орнотууну караштыруудабыз. Себеби, 1 млн. 200 миў гектар жалпы айыл чарба багытындагы жерлер болсо, ошонун 800 миў гектары сугат жер болуп, 400 миўи кайрак жерлер бойдон калууда.

- Учурда айрым дыйкандар “Хельветас”, “АРИС” сыяктуу эл аралык мекемелер менен иш алып барууда. Кийин тамчылатып сугаруу желеси орнотулуучу жерлер боюнча жергиликтїї элде єз ара келишпестик болуп калбайбы?

- Ооба, бул учурду биз дагы карап чыктык. Чырдын келип чыкпастыгы їчїн орнотулчу аймакты коллективдештирїї менен жергиликтїї бийликтин єкїлдєрїнїн катышуусунда чогуу иш алып баруу каралууда. Анткени, Айыл єкмєттєрїнїн келечек иш планында электр энергиясын тартуучу, таза суу єткєрїїчї жерлер болуп калышы мїмкїн. Эгерде, жайыт жерлер туура келип калса, аларды таштак жерден айдоо жерлерге айландырууда дал ушул Айыл єкмєттєрїнїн маселени чечип берїїсї керек болот. Ошондо гана тамчылатып сугаруу системасын коюп берїї башталат. Кїнєсканаларды орнотууда да мїмкїн болгон иштетилбеген, суу жетпеген жерлерге курууну ойлонуштуруп жатабыз. Бул жагынан деле жергиликтїї бийлик органдары менен биргелешип туура тїшїндїрїї иштерин жїргїзїї керек. Болбосо, бирин – серин болуп, тамчылатып сугаруу жабдууларын ар ким ар кандай мекемелерге койдуртуп, сапаты жагынан да, документ кагаздары жагынан да кийин єз ара келишпестик жаралышы мїмкїн..

- Бир гектар жердин чыгымы канча?

- Кечээ бирєє келди. Ал єзї жасаган экен, ошондо гектарына 1 миў доллардан айланды дейт. Биздин адистер 1500 доллардын тегерегинде коюп жїрїшєт. Эми бул айырмачылык ким кандай сапаттагы жабдууларды колдонгондугуна жараша. Кытайдыкы болсо, бир канча арзаныраак, тїрктєрдїкї кымбат баада болот дегендей. Бул боюнча мен адистердин дарегин берейин, єзїлєрїнє тїз байланышып, так баасын билип алсаўыздар болот. Биздин максат мїмкїн болушунча сапаттуусун коюп, эртеўки кїнї нааразылык болбогудай болушубуз керек. Анан айта кетчї нерсе, тамчылатып сугаруучу жабдууларды орнотуу єсїмдїктїн тїрїнє жараша болот. Тамчылатып сугаруу негизинен мємєлїї дарактарга, бакча єсїмдїктєрїнє (дарбыз, коон, ашкабак ж.б.), жашылчалардан сабиз менен пияздан башка кєчєт болуп єстїрїлгєн єсїмдїктєрдїн (помидор, бадыраў, калемпир, тєє буурчак ж.б.) тїрлєрїнє жана кїнєсканаларга колдонулат.

- Кайсыл жактын чыгарган жабдууларын, сугат технологиясын сунуштайт элеўиз?

- Азырынча Тїркияныкы, Кытайдыкы анан анча-мынча єзїбїздїкї бар. Кыргызстандыкы дегенибиз менен аны да кєрїшїбїз керек. Эгер сапаты туура келсе эмнеге колдонгонго болбосун. Тескерисинче, цистерна, насос, тїтїкчєлєрї ыўгайлуу болсо, тапшырык берип, єзїбїздїкїн колдонгонубуз деле жакшы эмеспи. Эки єлкєнїн да сапаттуу жакшы чыгаргандары бар.

- Бул тамчылатып сугарууда отоо чєп єспєй калат дешет, бул учурда топурактын табигый нымдуулугу жоголуп, топурактын биогумусуна зыян келбейби?

- Мен адис катары тамчылатып сугаруу технологиясынын зыянын кєрє элекмин. Сиз айтып жаткан топурактын катып калуусу абдан ысык, суу жок єлкєлєрдє болот экен. Бизде болсо жыл мезгилдери алмашып, табигый жамгыр, кар деген болот. Жердин тїзїлїшїн аралаштырып, жер семирткичтер берилип турат. Бул учурда топурактын биогумусуна эч зыян келбейт.

- Алдыдагы иш пландарыўыздардан айта кетсеўиз..?

- Негизинен, биз тамчылатып сугаруу ыкмаларын жайылтууну былтыр эле Ысык-Кєлдєн баштаганбыз. Ак-Єлєў айылында семинар єткєрїп, атайын дыйкандарды алып барып кєрсєткєнбїз. Андан кийин Чїй облусунун Сокулук районунда болуп єттї. Эми быйыл Баткен районундагы Кадамжайда, Кара-Сууда уюштурууну пландап жатабыз. Жалпысынан азыр 23 айыл чарба субъектисинде 150 гектар жерде тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуп жатышат: 71 га мємє-дарактар, 18,5 га тєє буурчак, 17 га жїгєрї, 16 га жашылча-жемиштер, 10 га кїн карама ж.б. болуп эсептелет.

Биздин дагы бир багытыбыз теориялык жана практикалык окутуу жактан єздєштїрїп, КТР, ЭлТР телеканалдары аркылуу 1 айда жарым сааттан тамчылатып сугаруу тууралуу маалымат программасын чыгарып туруу каралууда. Бул боюнча кайрылуу кат жєнєткєнбїз, буюрса чечилет деген ойдобуз. Анан жогоруда айтылган насыя берїї маселеси чечилип, завод куруу боюнча инвестиция тартылып, жабдуулар єзїбїздєн комплекстїї тїрдє чыгып калса, суунун корун їнємдєєчї, прогрессивдїї технологияны жайылтууда дагы жаўы ийгиликтер жаралат деген чоў ишеничтебиз.

- Маегиўизге чоў ыракмат, ишиўиздерге ийгилик каалайм.

Фарида Бектурганова

СИСТЕМАНЫ КАЙДАН САТЫП АЛСА БОЛОТ ?

Тамчылатып сугаруу системасын орнотууну же сатып алууну

каалагандар КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин

алдындагы “Айыл чарбасына заманбап прогрессивдїї, ресурс

їнємдєєчї технологияларды киргизїї борборуна” кайрылып,

зарыл маалыматтарды алсаўыздар болот.

Борбордун жетекчиси - Сагынбаев Аскарбек

Авазбекович тел. 66-14-22, 0(550)-44-67-86;

Тамчылатып сугаруу боюнча адис - Паязидин Жоошов

тел: 0778-21-70-36, 0555-32-44-60 , payaz@rambler.ru

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...