Акыркы макалалар

КЇЗДЄН ЭМНЕНИ КЇТЄБЇЗ..?

КЇЗДЄН ЭМНЕНИ КЇТЄБЇЗ..?

Кыргызстандын аймагында 29-31-мартта болуп єткєн їшїктїн кесепетинен, эрте жазда айдалган айдоо дан-эгиндерден тарта, бак-дарак кєчєттєр менен айрым жашылча-жемиштерге чейин їшїк алды. Суу кар тїшкєн жеринде тоўуп, музга айланды. Кардын илебинен єткєн суук -10-12ºС суукка жетти. Республиканын тїштїк аймактарында жалпы эрте гїлдєп калган мємєлїї дарактар менен айдалган жемиштер боюнча болжол менен 31% зыян тарткандыгы айтылып жатат. Єзгєчє, Баткен облусу боюнча келтирилген зыяндын эсеби кылкандуу дан эгиндерин кошпогондо - бардыгы 7081.2 гектарды тїзїп, чыгым 654 млн. 4,0 миў сомго жеткендиги аныкталды. Мындай билдирїї апрель айынын аягында Айыл чарба жана мелиорация министрлиги аныктап чыккан жалпы изилдєєлєрдїн жыйынтыгында белгилїї болду.

КЛИМАТТЫН КЕСКИН

ЄЗГЄРЇШ КЕСЕПЕТИ

Коркунучтуу метеорологикалык табият кубулуштардын тизмесинде їшїк жїрїї эў негизги орунду ээлейт. Себеби, ал бир гана єсїмдїктєрдїн єсїїсїн кармабастан, тїшїм берїї мезгилин кыскартып, жашылча-жемиштердин толук же жарым жартылай єлїп калуу коркунучун жаратат. Жазгы кечиккен їшїк болсо, мємє дарактардын гїлдєп турган мезгилине туш келип, кїзгї тїшїмдї толугу менен талкалап єтєт. Кыргызстанда да їшїктїн мындай тїрї кескин кїчєдї. Мындагы 10-15 кїндїк айырмачылыкты айрымдар жер жїзїндєгї климаттын єзгєрїшї менен табият кырсыктарынын кескин кайталануусуна байланыштырса, кээ бирлери 30-40 жылдап кайталанып туруучу мезгилдїїлїк дешип, 1976, 2003-жылдардагы тоў їшїккє салыштырып жаткандары бар.

Эмнеси болсо да, Кыргызстандагы аба ырайынын кескин єзгєрїшї, дїйнє жїзїндєгї климаттын єзгєрїшїнє кабылган єлкєлєрдїн абалына акырындап жакындашууда. Буга 2 градуска айырмаланган глобалдык масштабдагы температуранын кєтєрїлїшїнїн таасири дагы тийип жаткандай. Себеби, аба ырайынын кескин єзгєрїшї, кїндїн радиациясынын єсїїсї, шамалдын ылдамдыгынын кїчєшї менен убакыттын тездеп жылышы дал ушул температуранын єзгєрїїсїнє байланыштуу. Климат дегеним, фермер-дыйкандардын жылда кїткєн тїшїмї бирде кургакчылыкка, бирде їшїккє калып, тїйшїккє салышы, анын абдан сезимтал экендигин айкындап турат. Анткени, ошол эле єрїк, шабдалы, алча, жїзїм, алмурут, алманын кээ бир ылгамдары менен жаўгак мємє дарактарынын сезимталдуулугу -2-4,1ºС суукка туруштук бере албайт. Мындай температуранын абада 4 саат эле кармалышы мємє дарактардын толук їшїп кетїїсїнє алып келет. Ал эми, эгин талаалары болсо, їшїккє туруктуу делип, чаўдашуу, гїлдєє, баш алуу фазалары їшїктєн тышкаркы мезгилде єтєєрї баарыбызга белгилїї. Ошентсе да, айрым учурда єз убактысынан эрте же абдан кеч тїшкєн їшїктє бул талаа єсїмдїктєрї да зыянга учурашы толук мїмкїн.

Кыргызстан їчїн мындай аба кубулуштары кадыресе шарттуу, кєнїмїш кєрїнгєнї менен акырындап климаттык катаалдыкка єтїп жаткандыгы кооптуу болууда. Мисалы, кєп жылдык орточо мезгилден айырмаланып, їшїктїн 2-3 жумага эрте же кеч жїрїшї, аралаш аба массасынан абдан муздак арктикалык абанын тїзїлїшї, їшїктїн адвективдик-радиациондук мїнєздє болуусу, жеке абада гана эмес, топурактын їстїнкї катмарындагы температуранын 0ºСдан тємєн муздап калышы менен їшїктїн кармалуу узактыгы 10-28 сааттан ашып кетїїсї климаттык катаалчылыктын биринчи белгиси катары эсептелет. Себеби, бул катаалчылыкка кабылган мємєлїї дарактардын эмки жылы жогорку ылгамдагы жакшы тїшїм берээрине эч кепилдик жок. Жїргєн їшїк болсо, дарактардын єзєгїнє чейин тийип єткєн. Булардын абалын аныктап - изилдегендер деле болбоду. Азырынча, “Кїздєн эмнени кїтєбїз..?”,-деген гана бир жылдык кєз караш менен отурган чагыбыз.

ТЇЙШЇККЄ САЛГАН

ТЇШТЇКТЇН ЧЫГЫМЫ

Республиканын тїштїгїндє жакында жїргєн їшїктєн бир топ айдоо жерлери зыянга учурады. Гїлдєп жаткан єрїк, кокон гилас, шабдалыдан тарта бардык айдалып калган єсїмдїктєрдї тоў аралаш кар басты. Мындай абалга їч кїн аймакта кармалып калган мезгилсиз келген їшїктїн -10ºСга жеткен суугу себепкер болду. Анткени, бул аймакта жаз эрте келип, кїнєсканадагы атайын кєчєттєр кєчїрїлїп, талааларга уруктар себилип, мємєлїї дарактар гїлдєп калган учур эле.

Їшїк жїргєн кїндєн тарта жалпы келтирилген зыянды аныктоо, чыгымдарды эсептєє максатында Айыл чарба жана мелиорация министрлиги алдында атайын топ тїзїлїп, изилдєєлєр башталган. Апрель айынын аягында алардын берген маалыматы боюнча келтирилген зыяндын кєлємїн аныктоо жыйынтыгы тємєндєгїдєй болду:

1. Ош облусу боюнча 1789,5 га мємєлїї дарактар (єрїк, кокон гилас, шабдалы, бадам) болуп, жалпы чыгым 46 млн. 236,0 миў сомду тїздї;

2. Жалал-Абад облусу боюнча жалпы їшїк алуу 705,7 гектар аянтты камтып, эсептелген чыгым 25 млн. 071,1 миў сомду тїздї.

3. Баткен облусу боюнча 1,2 га жемиш парниктери, 7080,0 га мємєлїї дарактар болуп, жалпы чыгым 654 млн. 4,0 миў сомду тїздї;

Республика боюнча 725 млн. 311,1 миў чыгаша эсептелди.

ЇШЇК

ЖЇРЇЇНЇН ЖАЛПЫ

АСПЕКТИЛЕРИ

Їшїк – аба ырайынын кубулушу, чаўдашууга шарттуу кїндїзгї температурага ылайыкташып калган єсїмдїктєрдїн єсїї режиминде абанын кескин муздашы менен топурактын їстїўкї катмарындагы температуранын 0ºСдан тємєн тїшїп кетїї абалы болуп эсептелет.

Жїрїї себептерине ылайык, адвективдик, радиациондук жана аралаш (адвективно-радиационные) болуп їч топко бєлїнєт:

Адвективдик їшїк жїрїї –муздак аба массасынын мїмкїн болгон чоў территорияны басып, топтолуп кирип келиши жана 1-3 кїнгє чейин сакталышы эсептелет. Бул їшїк негизинен жаздын биринчи жарымында байкалат. Кесепети мємє-жемиштерди толук їшїтїп, тїшїмсїз калтыруу коркунучун жаратат.

Радиациондук їшїк жїрїї – тынч жана ачык тїнї жердин їстїнкї катмарындагы тїнкї жылуулуктун таралышы болуп, абанын топтолуп муздап калышы эсептелет. Бул кїзгї їшїк катары каралат. Кесепети жагынан шамалдап, ачык болгон тємєн жайгашкан єрєєндєрдє зыяны азыраак келтирилип, кууш ойдуўдуу єрєєндєрдє муздак абанын туруп калышы менен температуранын 3-4ºС чейин тїшїп кетиши кїтїлєт. Кїзгї їшїктїн интенсивдїїлїгї єзгєчє кїн чыкканга чейинки таў эрте убакытта туура келет.

Аралаш їшїк жїрїї (адвективно-радиационные) – муздак аба массасынын кирип келиши менен топурактын їстїўкї катмарынын муздап калышы же анын катмарындагы тїнкї жылуулуктун толук тарап, тоўго айланышы эсептелет. Мындай їшїктє абанын температурасы -4ºСдан -6ºСга чейин, керек болсо кээ бир учурда кїндїзгї температура -10-15ºСга чейин жетиши мїмкїн. Кесепети болсо, топурактын їстїнкї катмарын жабыркатып, жер-жемиштерден тарта, мємє дарактарга чейин толук їшїк алуусу кїтїлєт. Аралаш їшїк кечиккен жазгы же эрте кїзгї їшїк катары эсептелет.

Ушуктон Коргонуунун жана алдын алуунун жолдору

Азыркы аралаш їшїктїн кєп болушунан улам коргоонуунун бардык

багыттарын кароого туура келет. Ага топурактын алдындагы єсїмдїк-

тєрдєн тарта, топурактын їстїўкї катмарындагы кєчєт єсїмдїктєрїн,

жер їстїнєн бийик єскєн мємє – жемиштер менен буталган, кыйышты-

рылган мємєлїї дарактарга чейин коргоо жолдору каралат. Єсїмдїктєр-

дїн жайгашып єсїїсїнє карап аларды коргоо атайын топторго бєлїнєт:

Фарида БеКтургаНова

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...