Акыркы макалалар

Ж.Сейдакматова: “Театралдык гастроль улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган”

Ж.Сейдакматова: “Театралдык гастроль улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган”

Бишкек, 14-май /Минара Ибраева-Кабар/. Бул гастроль улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КРнын эмгек сиңирген артисти Жамал Сейдакматова билдирди.

“Биздин бир айлык гастроль негизинен улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган. Коюлган спектаклдарыбызды алыскы аймактагы жердештерибиз кубануу менен кабыл алып жатты. Алардын арасында бир нече улуттун өкүлдөрү дагы абдан маани берип көрүп жатышты. Алар жандуу спектаклди сагынып, ага суусап тургандарын жашырышкан жок”,-деп айтты Эл артисти Ж.Сейдакматова.

“Бүгүнкү күндө алыскы аймактарга спектакль коюп эч ким барбагандыктан, театрды унутуп калгандар жок эмес. Учурда театрды алыскы аймактардагы жаш муундарга тааныштыруубуз зарыл. Себеби, мындай иш чаралар жаштарды маңкурт болуудан сактайт. Ал үчүн атайын программалар кабыл алынып, мамлекет тарабынан көңүл бурулуусу керек”-деп баса белгиледи.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...