Акыркы макалалар

Быйыл Орто-Токойдо суу жетиштүү болот

Быйыл Орто-Токойдо суу жетиштүү эле болот. Бул тууралуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин төрага орун басары Тилек Исабеков билдирди. Белгилей кетсек, Орто-Токой айыл аймагынын башчысы Байышбек Кутманов Орто-Токойдо быйыл да суу тартыш болушу мүмкүн экенин маалымат булактарынын бирине билдирген.

“Орто-Токой суу сактагычында быйыл суу тартыш болбойт. Анткени, үстүбүздөгү жылдын апрель-май айы жаанчыл болуп жаткандыктан, учурда суу сактагычка нормасынан ашыкча суу кирип жатат. Тактап айтканда, учурда Орто-Токой суу сактагычына секундасына 27,5 куб суу кирип жатса (өткөн жылдын ушул маалында 13 куб суу кирип жаткан), сыртка чыккан суунун көлөмү 30 кубту түзөт. Анткени, агып чыккан сууну биз Чүй өрөөнүнө берип жатабыз. Себеби, Чүй өрөөнүнүн 40 пайызы Орто-Токойдон суу алат. Ошол эле учурда агып чыккан суудан Тоң району да пайдаланып жатат”,- дейт Т. Исабеков.

“Ошондой эле учурда дыйкандарыбызга биринчи сугат деп, суу сактагычтардагы суудан эмес, тоодон агып түшкөн сууну берип жатабыз. Себеп, биз тоонун суусун максималдуу пайдаланууга аракеттенип жатабыз. Ал эми жаан-чачын ушундай жаап берсе, анда май айынын аягында Орто-Токой суу сактагычына толук сууну толтуруп алабыз деп пландап жатабыз. Ал эми суу тартылган учурда гана Орто-Токой суусун пайдаланып баштайбыз. Азыркы маалда Орто-Токой суу сактагычында 425 миллион куб метр суу бар. Негизинен Орто-Токойго 470 миллион куб метрге жакын суу толтурулат”,- деп кошумчалады ал. Бул туурасында "Кабар-Пресс" мамлекеттик маалымат кызматы маалымдады.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...