Акыркы макалалар

Бишкектин орто мектептеринде алдын алуу бөлмөлөрү иштей баштады

Бишкектин орто мектептеринде алдын алуу бөлмөлөрү иштей баштады

Бишкек шаарындагы орто мектептерде алдын алуу бөлмөлөрү иштей баштады.Бул кабинеттерде окуучулар арасында зордук- зомбулук фактыларын алдын алуу иштери каралат.Бул тууралуу Марал радиосуна Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматчысы Олжобай Казыбаев билдирди.

Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жалаң гана балдар менен иш алып барбастан, балдардын ата-энелери менен, ошону менен бирге эле окуу жайлардын мугалимдери менен да иш алып барышат. Ата-энелер комитети менен ар кандай маектешүүлөр, пикир алмашуулар болуп тураары менен кошо мектептин тегерегинде атайын рейддер жүргүзүлөт. Бул рейддер мектептин жетекчилеринин катышуусу менен биргеликте болот. Алдын ала иш алып баруу бөлмөлөрдө жыл бою пландаштырылган иштерге ылайык семинарлар, тегерек столдор, ар кандай конкурстар өткөрүлүп турат.

Кабарды кененирээк www.maralfm.kg сайтынан аудио формтында уга аласыздар.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...