Акыркы макалалар

Кыргызстанда айдоочунун күбөлүгү 10 жылга гана берилмей болду

Кыргызстанда айдоочунун күбөлүгү 10 жылдык мөөнөт менен берилет. Бул тууралуу кечээ, 12-майда Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын демилгеси менен "Жарандарга айдоочулук күбөлүк жана транспорт каражаттарын башкарууга уруксат бериш үчүн сынакка кабыл алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү" тууралуу өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Оңдоо улуттук үлгүдөгү айдоочунун күбөлүгүнө байланыштуу пункттарга кирген.

27-пункт "Айдоочунун күбөлүгү 10 жылга берилет" деген жазуу менен редакцияланган. Бул мөөнөт бүткөндөн кийин күбөлүк жараксыз деп табылат. Күбөлүгүн алмаштырган жана аны кайра калыбына келтирген учурда сынак тапшырылбайт. Бирок күбөлүгүн алдырып жиберген айдоочулар сынак тапшырат.

Буга чейин айдоочунун күбөлүгү мөөнөтсүз убакытка берилчү.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...