Акыркы макалалар

Өзбекстан чек арадагы жаңжал учурунда каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн берди

Бишкек, 13-май /Кабар/. Өзбекстан чек арадагы жаңжал учурунда каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн берди. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, 2015-жылы 12-майда Сох (Өзбекстан) анклавынын аймагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участкасындагы кыргызстандын бир жараны каза болуп, экинчиси Өзбекстандын чек арачылары тарабынан кармалган жаңжалдын чыгыш себептерин тактоо үчүн КРнын Баткен участкасы боюнча чек ара өкүлдөрү менен Өзбекстандын Сох участкасы боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө өзбек тарап Кыргызстандын бир жараны Баткен районунун Кара-Токой айылынын жашоочусу 1993-жылы туулган Махмуджан уулу Мансур өзбекстандык чек арачылардын курал колдонуусунан улам алган жараатынан каза болгонун, ал эми экинчи жаран 1991-жылы туулган Махмуджан уулу Шумкар чек ара бөлүмүндө кармалып турганын ырастаган.

2015-жылы 13-майда жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын кармалган жараны жана каза болгон жарандын сөөгү кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.

Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара ведомстволору компетенттүү органдар менен биргеликте тараптар аталган жаңжалды иликтеп жатышат.

Жаңжал чыккан райондо абал тынч. Кыргызстандын чек арачылары чек арага жакын райондордун жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

12-майда мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участкасында өзбек чек арачыларынын курал колдонуусунун жыйынтыгында Кыргызстандын бир жараны каза болуп, КРнын экинчи жараны Өзбекстандын чек арачылары тарабынан кармалган.

Жаңжал Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Согмент аймагына жакын Какыр жергесиндеги мамлекеттик чек аранын такталбаган участогунда болгон.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...