Акыркы макалалар

Кыргыз футболчулары Бириккен Араб Эмиратына кетти

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасынын оюнчулары 12-май күнү таң эрте Бишкек - Дубай каттамы менен Бириккен Араб Эмиратынын Аль-Айн шаарына сапар алышты. Ал жакта 2016-жылы Катарда өтө турган Азия чемпиондугунун тандоо оюндарына катышышат.

Башкы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун шакирттери 16-майдан 20-майга чейин "В" тайпасында Кувейт, Иордания жана Пакистандын футболчулары менен Азия чемпиондугунун финалдык беттешине чыгуу үчүн таймашышат.

Кыргызстан-Кувейт беттеши 16-майда, Кыргызстан-Иордания беттеши 18-майда, Кыргызстан-Пакистан беттеши 20-май күнү Al Qattarа стадионунда өтөт. Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 23:15те башталат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...