Акыркы макалалар

А.Абековдун камалашы менен "Алиппе ТВ" ишин уланта албай калды

А.Абековдун камалашы менен "Алиппе ТВ" ишин уланта албай калды

2011-жылы "Алиппе ТВ" аттуу сыналгы аркылуу билим бере турган долбоор ишке киришкен эле. Бирок "Алиппе ТВнин" негиздөөчүсү, Megacom уюлдук байланыш компаниясынын башкы директорунун мурдагы кеңешчиси Алмазбек Абековдун камакка алынышы менен аталган долбоор ишин уланта албай калган. Учурда долбоор толук бойдон токтоп турат. Себеби А. Абеков өзү иштеп чыккандыктан аны улантып кете турган эч ким жок болууда. Бүгүнкү "Кабар даамында" программасынын коноктору "Алиппе ТВнин" ассистенти Гүлжамал Гюнтер менен физика мугалими Адила Керималиева долбоор жана анын артыкчылыктарын, учурдагы абылын кеңири түшүндүрүп беришти. Ал эми айыпталып жаткан А.Абековдун адвокаты Авас Мамбетакунов тергөө иштери тууралуу маалымат берип, соттор акыйкат иштебей жаткандыгын билдирди.

Кабарды кененирээк www.maralfm.kg сайтынан аудио форматында уга аласыздар.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...