Акыркы макалалар

Быйыл туристтик мезгил учурунда коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулат

Быйыл туристтик мезгил учурунда коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда "Ар-Намыс" фракциясынын жыйынында Маданият министринин орун басары, туризм департаментинин директору Максат Чакиев билдирди.

Анын айтымында, 15-апрелде өкмөттүн жыйыны болуп анда туризм маселеси талкууланган. Талкуунун жүрүшүндө бир катар иш-чаралардын планы кабыл алынган.

"Коопсуздукка байланыштуу көп маселелер талкууланды. ИИМжана Жол кайгуул кызматы коопсуздукту камсыз кылуусу үчүнконокторду чек арадан тартып болжогон жерге жеткенге чейинки көзөмөлдөйт",- деди ал.

Чакиев коопсуздук боюнча атайын брошюралар басылып чыккандыгын айтты. Алар туристтер токтогон жерлерде таратылат.

Ошондой эле ӨКМ тарабынын Ысык-Көлдүн акваториясын даярдоо иштери жүргүзүлөт.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...