Акыркы макалалар

АКШнын долларын алмаштырышабы?

АКШнын долларын алмаштырышабы?

Күтүлүп жаткандай 2015-жылдын 20-октябрында Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жетекчилиги АКШнын долларына альтернатива боло турган резервдик валюта жөнүндө жарыялайт. Бул тууралуу 5-майда TRUST.UA сайты маалымдады.

Эксперттердин пикиринде, бул кадам бир сааттын ичинде бүткүл дүйнөдө айланып жаткан жүздөгөн миллиард доллардын тагдырын өзгөртөт.

Джордж Буштун маалында казына кызматында иштеп, каржылык сакцияларды ишке ашырууга аралашкан Хуан Сарате "долларга альтернатива боло турган башка валюта чыгары менен оюндун эрежелери дароо өзгөрөт",-деп билдирди.

Ири банктагы башкаруучу директордун жардамчысы Леонг Синг Чионг "доллардын бул альтернативасы" жакынкы 5-10-жылда дүйнөлүк каржылык түзүлүштү толук бойдон өзгөртөрүн айтат.

"Мен жыйырма жылдан бери бул рыноктун активдүү оюнчусу болуп келгем... бирок мен эч качан көп акчаны мынчалык тез жүгүртө турган эч нерсе көргөн эмесмин. Жүздөгөн миллиард долларлар бул жарыядан кийин башка колго өтүп кетмекчи",-деп белгиледи валюта эксперти Стив Шугерруд (CNBC, Bloomberg).

"Жарыя домино эффектин пайда кылат, ал негизинен Америкада жакынкы жылдарда ким бай боло турганын аныктайт",-деп белгилейт ал.

Эксперттер 20-октябрдагы билдирүү биздин жашообузда түп-тамырынан бери байлыкты кайра бөлүштүрүүгө түртөт деп эсептешет. Доктор Шугерруд түшүндүргөндөй, "эгер эмне болуп жатканын сиз түшүнсөңүз акчаңызды гана коргоп калбастан, жакынкы жылдарда анча көп эмес байлык топтой дагы аласыз".

Эскерте кетсек, Эл аралык валюта фонду дүйнөдөгү эң жабык жана таасирдүү уюм болуп эсептелет. Ал дүйнөнүн 185 өлкөсүнүн каржылык абалын көзөмөлдөйт жана глобалдык акчанын эрежелерин аныктайт.

Ошол эле маалда эксперттердин пикиринде, жаңы резервдик валюта болуп кытайдын юаны жарыяланышы мүмкүн, ал ушул жылдын март айында дүйнөдө эң көп пайдаланылган алдыңкы беш валютанын катарына кирди.

Буга чейин TRUST.UA сайты юань "өнүгүп келе жаткан" валюта разрядынан чыгып, бизнес үчүн төлөм валютасына айланганын жазган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...