Акыркы макалалар

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз эл артисти Сейитказы АНДАБЕКОВ 90 жашта “Эл журтумдун бактысы менин бактым”

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз эл артисти Сейитказы АНДАБЕКОВ 90 жашта “Эл журтумдун бактысы менин бактым”

Жараткан бешенесине ыроологон улуу дөөлөт- акжаркын таланты менен атпай кыргыз журтунан алыска таанылып, он жети жашында кан майданда болуп душмандарга каршы салгылашып, аман-эсен кайтып келип, дөөлөттүү өмүр сүрүп олтурган Сейитказы Андабеков аксакал менен баарлаштык.

- Кудайдын сүйгөн пендеси экенсиз. Кош майрамыңыз кут болсун. Эсиңиздедир, мындан эки жыл мурда ал-жайыңызды билели, ак батаңызды угалы деп келгенибизде инсульттун айынан баса албай, булдуруктап сүйлөй албай кыйналып турган элеңиз. Ошол жолугушууда: «2015-жылы токсон жылдыгымды, жеңиштин 70 жылдыгын көрсөм анда арманым жок», - деген элеңиз. Ден соолугуңуз ал кездегиден оңолуп, эңсеп күткөн ал тилегиңизге жетип олтурасыз. Адаттагы сурообуз жетимиш жыл мурдагы ал апаатты эскерип...

- Ии, ракмат айланайындар, журналисттер жаныңар тынбай иштеп атасыңар, телевизордон көрүп атам, жакшылап кызмат кылып койгула. «Кечээ көргөн бүгүн жок» дегендей ардагерлер деле аз калдык. Эми өзүм тууралуу айтып берейин.

1941-жылдын май айында мектепти бүтүп, мугалимдин окуусун окуганга Нарынга келдим, педучилишаны анда «таш үй» деп койчубуз. Аңгыча бир айдан кийин эле согуш чыгып, кайра айылга кеттим. Атам Андабек колхоздун коюн бакчу, жардам берип жүрсөм бир жылдан кийин повестка келди. Жүгүбүздү арабага салып, өзүбүз жөө Нарындын военкомуна келип, ошол жерден жөнөдүк. Адегенде Ташкент шаарынын «Басуу» деген айылынан карантинден өтүп, уставды, мылтык атканды үйрөнүп, аскердик ант берип, поезд менен Карелфинский АССРине жол тарттык. Биринчи жолу Кандалакши деген жерден душмандарга каршы согуштук. Маршал Ракассовскийдин алдындагы 7-армиянын 116-полкунда болдум. Эки жолу жарадар болуп, бир жолу контузия алдым.

1944-жылдын ноябрь айында Карель фронтунда, 2-3-Украина фронтторунда салгылаштык. Биздин ротанын политругу капитан улуту еврей Шифрин мени: «Земляк, чёрная глаза»,-деп жакшы көрчү, кийин осколка тийип, каза болуп калды. Биздин полк Румынияга жакын жерден курчоого кабылып, самолёттор аябай бомбалады, далай жоокерлерден айрылдык. Туура бир айда араң курчоодон чыгып, Румыниядан чабуулга өтүп, Австрия, Венгрия, Будапештке келдик. Ээ, кызым, (Сейитказы ата оор үшкүрүнүп алды) минтип ооз жүзүндө кыскача айтып койгон менен төрт жылда тарткан азап-тозокту сен сураба, мен айтпайын, азыр эстесем денем дүркүрөп кетет. Пай, пай, бир гана өлүп көрдү көрбөдүк. Жаныңда немистерге кыжырланып, сүйлөп турган жолдошуңдун көз ачып жумганча эле окко учуп, кызыл-жаян канга боёлуп, жан таслим болгонун көргөнүңдө өлүмдү ойлобой фашисттерди таш талканын чыгарчудай алга жүткүнүп калат экенсиң. Кыштын кылчылдаган суугунда жайдын аптабында окоп казабыз, курсак тоё тамак ичпейбиз. Тыныгуу маалында жашпыз да жактырган кыздарыбыз тууралуу сүйлөшөбүз, аман-эсен жерибизге кайтсак үйлөнүп-жайланып, катташып туралы дейбиз. Мындайда көңүлүбүз эргип, өз өнөрүбүздү көрсөтүүгө ашыгабыз, ышкылуу жаным тура калып созолонуп ырдап бийлеп кирсем орус жоокерлер:»Сашка, молодец, давай пой...»,-дешип кол чаап калышат, мен ансайын толкунданам. Мындай кубанычыбыз көпкө созулбайт, каргыш тийгир октун үнү жүрөктү «селт» эттирип, заматта ажал тооруп...

9-Майды Венгриядан тостум, адеп укканда шапкебизди көккө ыргытып, ураалап, кучакташып, бири-бирибизди өпкүлөп, ыйлап атабыз. 1946-жылдын башында 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, Эрдик медалы баштаган көп сыйлыктарды алып келдим.

- Соолгон согуш мугалим болсом деген тилегиңизге каргаша болуп, окубай калсаңыз да көркөм өнөр коштогон акжаркын талантыңыз менен Нарын театрынын пайдубалын түптөп, кышын кынадыңыз. Бейиши болгур бармактайдан баш кошкон Койсун эже экөөңүздөр эгиз козудай ээрчишип, «Кылпылдама» сыяктуу сатиралык ырларды ийине жеткире ырдап-бийлеп, жүздөгөн каармандардын бейнесин таасын жаратып, атак-даңкыңыздар союздук республикаларга чейин таанылды. Өнөр адамдарынын көбүнө буйра бербеген мындай бактыга сыймыктанаарсыз.

- Ии, өзүң айткандай кудай жакшы көргөн адам экенмин. Мугалим болбой калсам да эл артиси болдум. Атам Андабектин «чымыны» бар эле, жакшы ырдачу, кичинемде «Калмак» бийин үйрөткөн. Согуштан келгенден кийин жыл айланбай эле театрга артист болуп кирдим. Он төрт жашында өнөр секисинин босогосун аттаган Койсун эжең чыканактай болгон чепилдеген сары кыз экен, бири-бирибизди жактырып калып, баш коштук. Ооба, театр эжең экөөбүздүн өз үйүбүз, өлөң төшөгүбүз болду, агарып-көгөрдүк, бала-чакалуу болдук, Андабековдор келиптир дешип айыл эли бири да калбай келип, сахнадан кетирбей дуулдатып кол чабышып, рахатка баттык. Мындан артык не керек эле. Эжеңдин артында калып, эки жолу инсульт болуп кыйналып калдым, болбосо карылыкка алдырбайт элем. Кудайга шүгүр, төшөктө кыймылдабай жатып калбай, минтип балдарым колтуктап таяк менен басып, дурус сүйлөп калдым.

- Элден сиз тууралуу: «колундагы кичүү уул-келини Зулайка менен Болотбек атасынын көзүнүн кареги менен тең айланып, жаш баладай бапестеп багып, татынакай небереси Таттыбүбүсү чоң апасын туурап бийлеп берип, көңүлүн көтөрүп турушат экен. Антпегенде Андабеков эки жолку инсультту көтөрө албай эбак эле байбичесинин артынан ээрчип кетип калмак»,-деген сөздөрдү угуп калабыз. Урпактарыңыз торколуу тоюңузду өткөргөнгө камынып жатышкандыр?

- Ооба, туура айтышат, ошондой. (Сейитказы ата кытылдап күлүп калды) Кудай өмүрлөрүн узун, ден соолуктарын бекем кылып, бактылуу болушсун. Нарын университетинде мугалим болуп иштеген Зулайкам мага карап, акы төлөнбөгөн отпуска алып, эки жылдан бери үйдө, тамагымды таптап берип, дарымды убагында ичирип, өз атасындай багып олтурганына ыраазымын. Көп жыл төшөктө жатып калган Койсунду да бакпадыбы айланайыным, күнүгө алкап олтурам. Мага кылган жакшылыгын өз балдарынан көрсүн.

Токсон жылдык тойду сурап калдың, балдарым мобул олтурган үйдү кеңейтип, музей кылып коюшту, күзүндө өткөрөлү деп жатышат. Маданият министрлиги «Ак шумкар» орденине көрсөтүп, өкмөткө беришиптир. Буйруктуу сыйлык болсо алаармын, болбосо таарыныч жок. Койсун экөөбүз тең Эл артиси болдук, ыраазымын. Союздун маалында оюбузга деле келбептир, балким артынан түшүп, аракет кылсак Фрунзеден үй алып калат белек. Картайып баратканда Акаевдин убагында кайрылдым, бирок берилген жок. Кудайга шүгүр, пенсияны арбын алам, жашоо жакшы эле.

Эми айланайын, келгениңерге ракмат. Жетимиш жылдыгыбыз куттуу болсун, эл-журтум тынчтыкта, жакшы турмушта жашашсын. Жараткан бакпай балээден, жакпай жалаадан, айттырбай келген кырсыктан сактасын. Менин жашыма жеткиле. Элим бактылуу болсо мен да бактылуумун.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...