Акыркы макалалар

Кыргызстанда кене энцефалити менен ооруган учурлар катталууда

Апрель айынын башынан тартып май айына чейин Кыргызстанда кене чагып алып ооруган 297 учур катталды.

Бул тууралуу кечээ, 7-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборуна КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин энтомолог дарыгери Зайнидин Мамыров билдирди.

Мамыровдун айтымында, кене чагып кайрылгандардын басымдуу бөлүгү Бишкектин тургундары.

Ал эми аймактар боюнча алганда Талас областында кене чагып алган -7 учур, Чүй областында-36 учур, Нарын областында-2 учур, Ысык-Көл областында-29 учур катталган.

108 адам дароо медициналдык мекемелерге кайрылышкан, 81 адам кенелерди изилдөө жүргүзүш үчүн алып келишкен.

Маалымат үчүн

Кене энцефалити баш мээни, жүлүндү жабырката турган вирустук оору. Ал кене чагып алган учурда пайда болот. Оору көп учурда жаз жана жай мезгилдеринде өнүгөт. Оору эчкинин чийки сүтүнөн жана андан жасалаган азыктардан дагы жугушу ыктымал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...