Акыркы макалалар

Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер 1-июндан баштап киргизилиши мүмкүн жана ал 20%га өсөт

Бишкек, 7-май /Салтанат Абдраева-Кабар/. Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер 1-июндан баштап киргизилиши мүмкүн жана ал 20%га кымбаттайт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КРнын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаев билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы декабрда социалдык багыттагы тариф 1кВт/саат 70 тыйынды түзгөн. Бул баа 20%га өсүп, 84%ды түздү. 700кВт/сааттан ашык колдонууларда баа мурда 2 сом 5 тыйынды түзгөн, ал эми бүгүн 15 тыйынга өсүп, 2 сом 20 тыйынды түзөт. Мурда бюджеттик уюмдарда тариф 1 сом 19 тыйынды түзсө, жаңы тариф менен ал 2 сом 30 тыйынга көтөрүлдү.

“Бул тариф ушул жылдын 1-июнунан тарта киргизилет, бирок акыркы жыйынтыкты Өкмөт чыгарат. Өкмөт май айынын аралыгында бул тарифтерди карап чыгат, андан кийин биз көтөрүү тууралуу буйрук чыгарабыз”,-деди Н.Элебаев.

Ошондой эле, отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин директору жаңы тариф ушул жылдын апрелинен баштап киргизилиши керек эле, бирок тарифтерди көбөйтүү баскычы 1-июнга жылдырылган деп белгиледи.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...