Акыркы макалалар

Бишкекте тогуз коргоол боюнча Борбор Азиянын кубогу башталды

Бишкекте тогуз коргоол боюнча Борбор Азиянын кубогу башталды

Кечээ, 6-майда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган тогуз коргоол боюнча Борбор Азиянын кубогу башталды.

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашкандай, турнирдин ачылышы Улуттук китепканада өткөрүлдү. Салтанаттуу ачылышка Улуттук спорттун түрлөрү боюнча борбордун директору Доорбай Миңбаев жана Кыргызстандын тогуз коргоол федерациясынын президенти Камчыбек Касымовдор катышты.

Миңбаевдин айтымында, акыркы учурда өлкөдө тогуз коргоол оюну өнүгүүдө, күчтүү оюнчулар чыгып жатат. Ошондой эле директор катышуучуларга ийгилик каалады.

Кубокто Казакстанадан келген жана кыргызстандык 180 оюнчу ат салышууда.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...