Акыркы макалалар

Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө таксист күнөөлүүбү?

"Камила Дүйшөбаеванын өлүмү кокустуктан болушу мүмкүн"- деген да божомол каралып жатат. Бул тууралуу ИИМ кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Камиланын денесин кароо учурунда моюнунда муунтуунун издери болгон, бирок катуу физикалык күч колдонулгандыгы аныкталган эмес. Мындан сырткары, бардык буюмдары жанында болгон. Буга байланыштуу кылмышкер аны атайлап өлтүрбөгөн болушу мүмкүн.

Эске салсак, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектеги Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...