Акыркы макалалар

Улуу Ата-Мекендик согушка ар бир төртүнчү кыргыз аттанган

Улуу Ата-Мекендик согушка ар бир төртүнчү кыргыз аттанган

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка катышып жеңиш менен кайткан ардагерлер учурда республика боюнча 3700 гө чукул гана калган. Алардын эң кичүүлөрү 85, эң улуулары 95 жашка келип калышты.

Москваны коргоого катышкан легендарлуу 316-аткычтар гвардиясы Кыргызстанда түзүлүп, 28 жоокер Советтер Союзунун баатыры наамына татыктуу болгон. Алардын арасында, дивизиянын генерал-майору Панфилов Иван Васильевич, Дүйшөнкул Шопоков, Николай Ананьев, Иван Маскаленко жана башка ала-тоолук жоокерлер бар эле. Күйүүчү май куюлган бөтөлкө, штыковой мылтык сыяктуу эң жөнөкөй куралдар менен куралданган кыргызстандык 28 баатыр 18 танканы өрттөп, баскынчылардын көзүн тазалап, өздөрү да шейит кетишкен. Алардын бардыгына өлгөндөн кийин баатырдык наам берилген.

Курамында бир да жоокери калбаган 316-аткычтар гвардиясы кийин 8-аткычтар гвардиясы болуп түзүлүп, бул бөлүктүн ишин кайрадан эле кыргызстандыктар улаган.

Кыргызстандыктар согушка кандай жардам беришкен?

Он беш Союздук Республикалардын башын бириктирген СССРге согуш абалы киргизилгенден баштап, кыргыз эли Борбордон келген буйруктун бардыгын эки эселенген көлөмдө аткарып турган. Фрунзедеги механикалык заводдун жумушчулары кайсы саат, кайсы мүнөттө чакырбасын колдоруна курал алып мекенди коргоого даяр экенин согуш башталганда эле билгизишкен. Кадамжай сурьма комбинатынын металлургдары өздөрүн согуштабыз деп эсептеп, согуш жеңиш менен аяктамайын эки эселенген норма менен иштээрин жарыя кылышкан.

Шаардык, райондук аскер комиссарияттарына өз ыктыяры менен фронтко жөнөтүүнү суранып, миңдеген колхозчулар, интеллигенция өкүлдөрү кайрылышкан. Кыргызстанда согуштун алгачкы жылдарында эле 200гө жакын аскердик- машыктыруучу борборлор түзүлүп, алардан 60 миңге жакын жоокерлер, көзгө атар мергендер, пулеметчиктер истребителдер, минеметчиктер даярдалып фронтко жөнөтүлүп турган.

Өлкөбүздөн Кызыл крест, Кызыл жарым ай коомдорунун мүчөлөрү 1943-жылы 144767 адамга жетип, үч эсеге өскөн. Алар тарабынан 609 талаа медсестралары даярдалган. Ушул эле жылы фронттогу жарадарларга кыргызстандык 2073 мекенчил аял донор болуп кан беришкен.

Кыргызстандыктар согуш болуп жаткан жерлерден эвакуацияланып келген 150 миңден ашык үй-бүлөнү батырып, багып, көчүрүлүп келген 30дан ашык завод, фабрикаларды жыл айлантпай монтаждап, ишке киргизген.

Жалпысынан согуш жылдарында Советтик Кыргызстан фронт үчүн 7 миллион тонна көмүр, 177 миң тонна кумшекер, 839 миң тонна нан, 128,6 миң тонна эт, 57 миң тонна картошка, 57,8 тонна жашылча-жемиш, 94,4 миллион банка эт консервасын жөнөтүшкөн.

Кыргызстан ошол кезде өндүрүшү өнүккөн ири чарбага айлана элек болсо да, Армия үчүн 1941-жылдын июнунан 1943-жылдын сентябрына чейин эле 2005 автомашина, 46 каз тамандуу трактор, 15819 ат, 1979 араба берген. Ушул жылдар аралыгында Тянь-Шань областы эле 4292 ат, 89 автоунаа кошумча кылган.

Кыргызстандын өзүндө бир катар аскер бөлүктөрү, кошуундар түзүлгөн. Алар 385-аткычтар дивизиясы, 40-жана 153-өзүнчө аткычтар бригадасы, 1941-жылдын ноябрында Фрунзе учкучтар мектебинин базасында 660-665-түнкү бомбалоочу авиациялык полктору түзүлгөн. Кыргызстандын жана Казакстандын мыкты жигиттеринен топтолгон легендарлуу 316-кийин 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы уюштурулган. 1941-жылы 13-ноябрда Коргоо Мамлекеттик Комитети Орто Азия жана Казакстан республикаларында Улуттук кавалериялык дивизияларды түзүү боюнча токтом кабыл алган. Ошонун негизинде кыска мөөнөттө Кыргыз ССРинин 107-108-109-улуттук атчандар полку түзүлгөн. Кыргызстан булардан тышкары 363 миң жоокер күчүн берген. Ошол кездеги эмгекке жарамдуу кыргызстандыктын ар бир төртүнчүсү кан майданга аттанган. Такталбаган маалымат боюнча алардын жарымынан көбү "дайынсыз жоголгон", учурда тиешелүү уюмдар тарабынан бүгүнкү күндө да изделип, айрымдарынын дареги чыгууда.

1941-1945-жылдардагы согуш 9-май күнү жеңиш менен аяктап, жыйынтыгында фронтто көрсөткөн өзгөчө баатырдыгы үчүн 100 000 жердешибиз Советтер Союзунун ордендери жана медалдары менен сыйланышкан. Алардын 73ү "Советтер Союзунун Баатыры" деген жогорку наамга татыктуу босо, 21 жоокер 3-даражадагы "Даңк" орденинин ээси болушкан. Өкүнүчтүүсү биздин арабызда бир да Советтер Союзунун Баатыры калган жок. Учурда 3700 гана көзү тирүү ардагерлерибиз калган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...