Акыркы макалалар

Президент А.Атамбаев расмий иш сапары менен Москвага учуп кетти

Бишкек, 7-май /Ширин Төрөгелдиева-Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Москвага учуп кетти.

Өзүнүн иш сапарынын жүрүшүндө мамлекет башчысы Жеңиштин мааракелик парадына, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү тууралуу маселелер каралган ЕАЭБнын жыйынына катышат.

Кыргызстандын Президентин КРнын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков, вице-премьер-министр Валерий Диль, Экономика министри Олег Панкратов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов жана башкалар коштоп барат.

2015-жылы 9-майда Москвадагы Жеңиш парады Кызыл аянтта саат 10:00до башталат.

Парад Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылыдыгына арналып, тарыхтагы эң масштабдуу окуясы болуп эсептелет.

Россия Федерациясынын президентинин администрация башчысынын маалыматы боюнча, майрамдык иш-чарага 26 мамлекет жана өкмөт башчыларынын расмий катышуусу ырасталган, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери, анын ичинде БУУнун Башкы катчысы катышат.

Салтанаттын катышуучуларынын арасында КМШ, Азия өлкөлөрүнүн, БРИКСка (Бразилия, Росиия, Индия, Кытай, ТАР) мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле европа мамлекеттеринин: Чехия, Словакия, Балкан өлкөлөрүнүн жана Кипрдин мамлекет башчысы бар.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...