Акыркы макалалар

АКСЫДА АТ ҮСТҮНДӨ КЫЗ УЗАТЫШТЫ

АКСЫДА АТ ҮСТҮНДӨ КЫЗ УЗАТЫШТЫ

ЖАЛАЛ-АБАД. Аксы районунун тургундары калк салтына ылайык кызын ат үстүндө күйөөгө узатышты. Мындай үлгүнү Кербен шаарынын тургундары Шатмановдордун үй-бүлөсү көрсөтүштү.

- Ак-Дөбө айылынын аксакалдар сотунун чечимине ылайык Аксы районунун борбору Кербен шаарынан Шатмановдор байырлаган Ак-Дөбө айылына дейре эки жаш теңтуштарынын коштоосунда атайын даярдалган ат менен жүрүш жасашты. Эки жашты адегенде Кербен шаарынын мэрии Абдымалик Абсаматов куттуктап, турмуштук сапарына ак жол каалады, - дейт аталган айылдын тургуну Алмаз Сатаров.

Кербен шаарынын мэрии Абдымалик Абсаматов мындай саамалык мындан ары дагы улантылаарын кабарчыбызга кошумчалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...