Акыркы макалалар

МЕЛДЕШТЕ ҮЧ МАШИНА ОЙНОТУЛДУ

МЕЛДЕШТЕ ҮЧ МАШИНА ОЙНОТУЛДУ

ОШ. Ноокатта кыргыз күрөшү боюнча мелдеште үч машина сайылды. Бул мелдеш Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова билдирди.

- 70 килолук салмактагы күрөшкө 300 киши катышты. Ал эми 80-90 кило салмактагылардын мелдешинде дагы ондогон адам күч сынашты. Натыйжада Аксыдан келген 70 кило салмакка ээ балбан ат минип кетти. А лейлектик балбан Мерседес-Бенц» автоунаасын утуп алды. Анан дагы бир баткендик жигит машина утуп алды, - деп кошумчалады Чолпон Султанбекова.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Түп нускага шилтеме : aymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...