Акыркы макалалар

Ошто 18 коомдук бала бакча ачылат

Ошто  18 коомдук бала бакча ачылат

Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондорунун айылдарында ЮНИСЕФтин Бириккен Падышалык Өкмөтүнүн Эл аралык өнүктүрүү Департаменти тарабынан каржыланган социалдык теңчиликти жана тынчтыкты алга жылдыруу Программасынын алкагында 18 коомдук бала бакчалары ачылат. Бул тууралуу Марал радиосуна Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Мээрим Жороева билдирди.

Бул Программа жергиликтүү бийлик органдарынын демилгесин колдоп, сапатту мектепке чейинки билим алууга көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Бул долбоордун жалпы бюджети 13 млн сомду түзөт.

Бул каражат бала бакчаларды жабдуулар, эмеректер жана керектүү буюмдар менен камсыз кылуу үчүн сарпталып, мындан тышкары тарбиячылар үчүн сабактын интерактивдүү ыкмалары, өзгөчө кырдаал убагында коопсуз жүрүш-туруш нормалары жана социалдык өнөктөштүк боюнча окутуу жүргүзүлөт.

Коомдук балдар бакчалары балдардын мектепке чейинки мекемелерине бир нече смена менен болуусун камсыздай алат. Маселен, бир топ эртең менентен баштап бир нече саатка келсе, ал эми түштөн кийин, кийинки топтогулар келишет.

Мындай иш-чаралардын натыйжасында, 2013-жылы төрттөн алты жашка чейинки 1,620 бала үчүн мектепке чейинки билим алууга мүмкүнчүлүк ачылат.

Кабарды кененирээк www.maralfm.kg сайтынан аудио форматында уга аласыздар.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...