Акыркы макалалар

Биздин замандын кишилери: Амангелди уста

Биздин замандын кишилери: Амангелди уста

Атым Амангелди Абылгазиев, 60 жаштамын. Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында жашайм. Жыгач усталыгым менен Чоң-Кемин өрөөнүнө белгилүү болдум. Союз урагандан кийин, 90-жылдары жыгач иштетүүчү станок сатып алып, элдин ар кандай жумуштарын: жыгачтан эшик-терезе жасап, там ремонттоп, жаңысын курууга кириштим. Учурда заказ менен уктоочу бөлмө эмеректерин, ашканага коюлчу үстөл, отургуч ж.б. жасап сатам. Өз үйүмдүн жанына балама арнап үй куруп жатам. Мындагы токой чарбасынан карагай, кайыңдарды 5-6 кубдан сатып алып турам. Ал курулуш материалдарын жыгач эмеректерин жасоого да, баламдын үйүнө да пайдаланам.

Өзүм Чуйков атындагы көркөм-сүрөт окуу жайын аяктагам, сүрөтчүмүн. Бирок усталык жумушта иштегеним менен эмерек жасоо тууралуу ойлончу эмесмин. Турмуш кыстап киргенде, адам баарын жасап көрүүгө аракет кылат экен. Дизайнын да өзүм чием, даярдаганын да өзүм жасайм. Эгер жашыраак кезимде мындай ишти баштаганымда, эмгиче чакан ишкана ачып, жеке ишкер болуп кетмекминби, ким билет.

Айгүл Бакеева

Түп нускага шилтеме : pk.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...