Акыркы макалалар

Маянасы 1000 сом болгон жарандар бар

Мамлекетте жалпы жумушсуздардын деңгээли 8,3 пайыздык өлчөмдө белгиленсе, эң көп жумушсуздар Баткен облусуна туш келет. Ал жердеги жумушсуздардын саны 12, 7 пайызды түзөт. Андан кийин Чүй облусунда 9, 8 %, Нарында 9,1 %, Ысык-Көлдө 9,5 % жана Бишкек шаарында 9, 4 пайыз.

Жогорудагы аймактарда жумушсуздуктун деңгээли мамлекеттик деңгээлден жогору. Бул көрсөткүч экономикалык активдүү калктын саны көбүрөөк болгондугуна жана эмгек рыногундагы жумуш орундарынын жетишсиздигине байланыштуу, дейт Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү саясатынын башкармалыгынын жетекчиси Аида Ажиходжоева.

Анын айтымында, иш берүүчүлөр 5 000-8 000 сомдун тегерегиндеги айлык акыны сунушташат. Бул Бишкек шаары боюнча, ал эми региондордо мындан да төмөн. Мекемелер бош жумуш орундары тууралуу маалыматында айлык маянасын көбүнчө келишимдин негизинде деп көрсөтүшөт, ал эми коомдук жумушта иштегендерге айына миң сом гана төлөнөт. Мамлекеттеги минималдуу айлык акынын деңгээли ушундай.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...