Акыркы макалалар

Жамбыл: бир адамдын өздүгү такталбай жатат

Казакстан Республикасынын Жамбыл облусундагы Мойынкум районунда 2015-жылдын 19-апрели күнү саат 09:47 чамасында «Алматы-Екатеринбург» унаа жолунун 487-чакырымында жол кырсыгынан жабыркаган Тайырбек Сейитбеков 2015-жылдын 26-апрелинде Кыргызстанга алынып келинген, 2015-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаардык №4 ооруканада саат 16:35де каза болгон.

Майрамбек уулу Самат 2015-жылдын 28-апрелинде саат 18:30да Кыргызстанга алынып келинген, Бишкек шаардык №4 ооруканада дарыланууда. Ал эми Темирлан Токторбаев 2015-жылдын 29-апрелинде саат 22:30да Кыргызстанга алынып келинген, Республикалык ооруканада дарыланууда.

Балхаш шаарынын ооруканасынын өлүк сактоочу жайында өздүгү такталбаган 1 адамдын сөөгү сакталууда. Бул тууралуу КРнын ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...