Акыркы макалалар

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жооперчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенти аппаратыны маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 18-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты коомдук тартипти камсыз кылууда чараларды күчөтүү болуп саналат. Аталган максатты ишке ашыруу үчүн Кодекс жаңы 373-статьясы менен толукталып, анда администрациялык камоодо болуу ордунан өзү билип кетип калуу же администрациялык камоодо болуудан баш тартуу үчүн жоопкерчилик каралган.

Андан тышкары Кодекстин 630-статьясында такталган негиздер болсо, администрациялык камоо жөнүндө токтомду аткаруу судья тарабынан үч суткалык мөөнөткө чейин токтотула турушу же биротоло токтолушу мүмкүн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...