Акыркы макалалар

К.Шакиров: “Мен отставкага кеттим, анткени мени баалашпайт”

Бишкек, 30-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Кечээ “Кыргызалтын” ААКтын төрагасынын орун басары Кылычбек Шакиров ээлеген кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, анын мындай чечимге келгенинин себеби аны баалашпайт. “Мен отставкага кетүүгө арыз жаздым, анткени мени, менин салымымды, тажрыйбамды эч ким баалабайт. Ошондуктан кетүүнү туура таптым”,-деди ал.

Эскерте кетсек, ал ушул жылдын 11-апрелинен тарта “Кыргызалтын” ААКты убактылуу башкарып келе жаткан, ага чейин Кыргызалтындын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...