Акыркы макалалар

Эрматов Билим берүү министрилигине мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторун ачууну сунуштады

Эрматов Билим берүү министрилигине мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторун ачууну сунуштады

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянны жетекчиси менен Билим берүү, илим министри мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жаатында министрлик аткара турган иштерди талкуулашты.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Билим берүү жана илим министрлигинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүн же сектор түзүү сунушу айтылды.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов министр Элвира Сариева менен тилди өнүктүрүү өбөлгөлөрүн талкуулашты. Ал министрге мектеп жана бала бакчаларда кыргыз тили жана адабияты предметтеринин сааттарын көбөйтүү, кыргыз тилчи мугалимдердин айлыгын жогорулатуу, министрликте мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүн же сектор түзүү сыяктуу сунуштары менен кайрылды.

Министр Сариева мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу КыргызТест системасы даярдалып жаткнадыгын маалымдады.

Талкуунун соңунда КыргызТест системасын негизинде тест жүргүзүүнүн алдында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, түшүндүрмө куралдарды чыгарып, таркатууну милдетин Билим берүү жана илим министрлиги өзүнө алды.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...