Акыркы макалалар

Алмаз Алимбеков “Кыргызалтынды” жетектейт

Алмаз Алимбеков “Кыргызалтынды” жетектейт

“Кыргызалтын” ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп Алмаз Алимбеков дайындалды. Тийиштүү буйрукка 29-апрелде премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев кол койгонун “Азаттыкка” өкмөттөн кабарлашты. Анын талапкерлигин ишкананын директорлор кеңеши сунуштаган.

Алимбеков буга чейин Экономика министрлигинде табигый ресурстар башкармалыгын, андан соң өкмөттүн Өнөр-жай жана отун-энергетика комплекси бөлүмүн жетектеген.

“Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Токон Мамытов 10-апрелде кызматтан кеткен. Анын милдетин ишкананын башчысынын орун басары Кылычбек Шакиров убактылуу аткарып турган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...