Акыркы макалалар

Ажыга баруучуларды каттоо башталды

Ош жана Баткен облустарында ажылык сапарына баруучулардын тизмесин каттоо иштери башталды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Белгилүү болгондой, каттоо иши 25-апрелде башталып, 1-июнда аяктайт.

Ажылыкка баруучуларга коюлган негизги талаптар төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1. Ажылыкка мурун барбаган жаран кабыл алынат;

2. Аял киши үчүн махрамдын (күйөөсү же баласы, жакын бир тууганы болгон эркек адам) болуусу;

3. Ден соолугу тууралуу медициналык маалымат;

4. Чет элдик акыркы үлгүдөгү паспорту;

5. ID-карт, катталуусу (учёту) бир жылдан кем эмес болушу шарт (эски паспорттун мөөнөтү бүтүп алмаштыргандан башкасы);

6. Жаш курагы 18 жаштан жаш эмес болуусу;

7. Ажыга баруучу жаран алименттик төлөмдөрдөн кутулган болууга тийиш.

Мындан сырткары 2014-жылдагы ажылыкка катталып, чүчү кулактан өтпөй калган 70 жаштан жогору жарандар 2015-жылдагы ажылыкка чүчү кулаксыз, автоматтык түрдө жиберилет. Ал эми 2014-жылы ажылыкка катталып, бирок өтпөй калган 70 жаштан төмөн курактагы жарандардын фамилиясы чүчү кулак тартууга (электрондук компьютерге) 2 жолу жазылууга мүмкүнчүлүк берилет. Жогоруда айтылгандай, чүчү кулакка жазылуу мүмкүнчүлүгүнөн 4 жыл бою өтпөй калган жаран 5-жылы автоматтык түрдө ажылыкка жиберилет.

Эскерте кетсек, 2015-жылы да ажылыкка катталган жарандарды тандап алуу электрондук чүчү кулак тартибинде өткөрүлүп, ажыга баруучу бир адам үчүн түзүлгөн калькуляциянын баасы 2550 (эки миң беш жүз элүү) доллар болот.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...