Акыркы макалалар

Бүгүнкү күндө фермерлерге жалпы көлөмү 1 млн сомдон ашкан насыя берилди

Бишкек, 29-апрель /Кабар/. Бүгүнкү күндө республиканын банктары аркылуу фермерлерге жалпы көлөмү 1 млн сомдон ашкан насыя берилди.Бул тууралуу КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өкмөттүн токтому менен бекитилген “Айыл чарбасын каржылоо - 3” долбоорунун алкагында “Айыл банк”, РСК Банк жана башка коммерциялык банкттар аркылуу айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөргө акчалай насыялар берилди.

Ыкчам маалыматтар боюнча, 2015-жылдын 28-апрелине карата республиканын бардык банктары тарабынан жалпы суммасы 1 млн 115 миң 41 сомду түзгөн 3 миң 135 акча насыясы берилди.

Республика боюнча өсүмдүк өстүрүү тармагына – жалпы көлөмү 150,6 млн сомду түзгөн 561 насыя, мал чарбачылыгына 2 562 насыя – 942,5 млн сом, кайра иштетүү, үрөн өндүрүү тармагына жалпы көлөмү 21,8 млн сомду түзгөн 13 насыя бөлүнгөн.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...