Апрель айынын башынан тарта түштүк аймакта цементке болгон баа жогорулаган. Экономика министрлигинин Түштүк аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, аталган аймакта цементке болгон баанын жогорулашы, Кызыл-Кыя жана Таш-Көмүр шаарларындагы кымбаттоого байланыштуу.
Кызыл-Кыя шаарында апрелдин орто ченине карата М-400 үлгүсүндөгү цементтин 50 кг мурунку 288 сомдук баасынан 310 сомго чейин жеткен.
Ал эми Таш-Көмүр шаарында болсо 360 сомдон 380 сомго кымбаттаган. Оштун өзүндө цементтин бир мүшөгү 322 сом деп бааланууда.
Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg
Азырынча бир да пикир жок...