Акыркы макалалар

Жоомарт Оторбаевге Президент алтын саат белек кылды

Жоомарт Оторбаевге Президент алтын саат белек кылды

Жоомарт Оторбаевге Президент алтын саат белек кылды

Отставкага кетип жаткан Премьер-министр Жоомарт Оторбаевге Президент Алмазбек Атамбаев алтын саат белек кылгандыгын “24. kg” маалымат булагы өздүк булактарына таянуу менен кабарлады.

Алмазбек Атамбаев ага Өкмөт башында туруп иштеген эмгегин баалап, “Кыргыз Республикасынын Президенти” деген жазуусу бар саатты белек кылган.

Жоомарт Оторбаев учурда Премьер-министрдин милдетин аткаруучу. Ал коалициялык көпчүлүк жаңы министрлердин курамын түзгөнгө чейин иштеп турат.

Маалыматта Жоомарт Оторбаевге Президент өзүнө инвестиция маселелери боюнча кеңешчи болуу сунушу менен кайрылгандыгын,экс-премьер аны кабыл алуу же албоо чечимине келе электиги дагы айтылган.

“КТ” пресс

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...