Акыркы макалалар

Партиянын парламенттеги орду канча турат?

Партиянын парламенттеги орду канча турат?

Секта, же партия – бул адамзатын ойлонуу азабынан оолак кармоо үчүн жаралган.( Ралф Уолд Эмерсон)

Жазгүл Масалиева

Юстиция министрлиги саясый партиялардын каржысын ачыктоочу мыйзам долбоорду демилгелөөдө. Ал боюнча партиялар ар эки жыл сайын эмненин эсебинен, кантип жан багып жатканын көрсөтүүсү зарыл. Айта кетсек, мындай шарт дүйнөлүк тажрыйба колдонулуп жүрөт. Батыш мамлекеттеринде саясый партиялар мүчөлөрдүн взносунун эсебинен өздөрүнүн каражатын топтойт. Ал эми АКШда партияны колдогондор анын эсебине акча которо алышат. Бирок мындай демөөрчүлүк төлөмдөргө дагы чек коюлган. Ал боюнча партиялар бир жарандан миң доллардан, уюмдан 5 миң доллордан ашык акча ала албайт. Мисалы, Барак Обаманын шайлоо үгүт иштерине колдоочулары 1 миллиард доллар топтоп беришкен.

Capital Кыргызстандагы партиялар эмненин эсебинен каражат топтоп, деги эле партия түзүү канча тураарын карап көрдү.

Партия ачуу үчүн көп тыйын талап кылынбайт. Ал коомдук уюм болгондуктан, уставдык капиталдын кереги жок. Он киши топтоп, чөнтөктө 300 сом болсо каттап туруп, жаңы партиянын ээси боло аласыз. Андан аркы чыгым, партиянын ээсинин, же уюштуруучуларынын кийинки максаттарына жараша болот. Жакынкы пландарында алдыдагы шайлоо болсо, албетте партия убакытты күтүп олтурбай, дароо өзүн элге жарыялоого киришет. Андай максаттагы партиялар алгачкы рекламалык акцияларына 2-3 миллион сом жумшайт. Ал каражат ТВ, гезит, журнал жана көрнөк жарнактардагы даярдоого, атайын акцияларга чыгымдалат.

Мисалы, Бишкекте баннерлердин бир айга арендасы 20-30 миң, региондордо – 3000-15 000ге чейин. Баннерди жасоо – 1500-3000. Гезиттердеги нарк бир полосасы 5000 сомдон, 160 000 сомго чейин. Коомдук каналдын “Ала -Тоо” берүүсүндө 3 минуттук эфир -96 миң сом турат.

Кээ бир партия лидерлери көбүнчө атак-даңкка митинг-пикет жана баардык чуулгундуу окуяларга катышуу менен жетишет. Буга көп каражат жумшалбайт. Мисалы, кайсы бир партия уюштурган митингге кошулуп, партиянын желегин желбирете ТВ камералардын алдынан ары-бери чуркасаңыз болот. Же болбосо, коомдук, саясый ишмер катары актуалдуу талкуу, чуулгундуу окуяга оригиналдуу пикир билдирүүгө дайым шашып чыга калсаңыз, ЖМК өкүлдөрү сизди жакшы таанып, партияңыздын аты жатталып калат. Мунун баары тамаша сыяктуу угулганы менен иш жүзүндө ушундай партиялар бар белгилүү. Буга албетте акча болбосо да, жылдап убакыт коротосуз.

Ал эми кээ бирөөлөр, мунун баарына убакыт жана каражат коротпой даяр партияларды сатып алышат. Мисалы, 2010-жылкы шайлоодо Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” партиясын сатып алганы маалым. Бирок, мындай сатып алуулардын наркы адатта жарыяланбайт.

Кыргызстандын партиялары үчүн шайлоо акча иштеп калуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Расмий түрдө шайлоого катышуу үчүн ар бир партияга 5 миллион сомдук күрөө талап кылынат. 2010-жылкы парламенттик шайлоого партиялар 500 миң 50 млн. сомго чейин короткон.

“2010-жылкы шайлоодо партияларда бийликке жетүүгө ишеним бар болчу. Анда чындыгында элдин добушу чечүүчү ролдо эле. Мындан улам, партиялар үгүт иштерине абдан көп каражат сарптады. Бир эле киши 1 млн. го чейин чыгымдагандар болду. Жыйынтыгы да көпчүлүк үчүн күтүлбөгөндөй болуп, “Ата-Журт” утуп кетти ”-дейт PR адис Азим Азимов.

Шайлоонун чыгымына жараша тизмедеги талапкерлердин орду бааланат. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов 2010-жылы “Ата-Мекен” партиясынын шайлоо тизмесиндеги 10-орунга ал учурдагы минималдуу сумманы, 100 миң доллар берип киргендигин айтып жүрөт. Кийинчээрек, маалымат каражаттарына "Ата-Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев Өмүрбек Абдырахманов акчаны башка бизнесмендер аркылуу партиянын фондуна которушу мүмкүн экендигин айткан. Айтмакчы, мыйзам боюнча партия талапкерден 50 миң сом ашык каражат ала албайт.

Саясатчылар бул 2015-жылкы шайлоодо депутаттык орундар бир топко кымбаттаарын айтышууда. 200-300 миң долларга чейин. Ал албетте партиянын аброюуна жана тизмедеги орунга жараша.

«Мен берген 100 миң доллар минималдуу сумма болчу. 300 миң доллар да беришкен. Алар кийин министр болушту. Бизде жаман жери алынган акчалар боюнча лидер отчет бербейт. Алынган акчалардын кайта жумшалганы ачык жүрсө, көп маселе туулбайт эле»,-дейт Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов.

Өмүрбек Абдырахмановдун айтымында, бул жолку шайлоо мурдакыдан кымбат болот. «Анткени көпчүлүк бийликтин таамын татып калды. Бир орунду сатып алып, министр болуп жыргасаң болоорун билишти»-дейт ал. Божомолдуу түрдө 2015-жылкы шайлоону утууга белсинген партиялардын парламенттеги орду 5-10 миллион доллар эсебинде болоору айтылууда.

Талапкерлик орундар партияларга карата: өтө турган, кепилденген жана тобокел –деп аныкталат. Эң кымбат орундар албетте азыркы бийликке санаалаш партияныкы болот. Ошол эле учурда кээ бир партиянын шайлоо тизмесине акча эмес, белгилүү ысмы, же белгилуу аймактан ала турган добушунун саны менен кирүүгө болот.

“2010-жылы биз ар бир аймакка, районго белгилүү адамды койгонбуз. Ошол талапкер биздин партияга райондун, облустун добушун топтош бериш керек болчу”, -дейт Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров.

Күзгү шайлоого партиялар күчтөнүп киришти. Азыр маалыматтык колдоосун камсыз кылуу аракетин көрүшүүдө. Айрым партиялар жаңы телеканалдарды ачууга да даярданып турат.

Түп нускага шилтеме : capital.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...