Акыркы макалалар

Ж. Оторбаев: "Газпром" 45 миллиард сом инвестиция бергени жатат

23-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2014-жылы аткарган иштери тууралуу маалымат берип жатып премьер-министр Жоомарт Оторбаев "Газпром" ишканасы тууралуу буларды айтты: "Орусиянын "Газпром" ишканасына кошулуп биз эң жакшы иш кылдык. "Газпромго" кошулганыбызга сыймыктанып жатам. Бул тарыхый кадам болду. Буюрса, кыргыз мамлекетинин тарыхында болуп көрбөгөндөй инвестиция пландалып жатат. Планга жараша "Газпром" Орусия бийлигинин жардамысыз 45 миллиард сом инвестиция бергени жатат",- деди Оторбаев.

Ал эми "Кыргызгаз" боюнча козголгон кылмыш иш тууралуу Оторбаев материалдар тиешелүү органдардын кароосунда экенин белгиледи.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...