Акыркы макалалар

Нарындык окуучулар адамзат тарыхындагы жаңы ойлоп табуунун үлгүсүн даңазалашты

Нарындык окуучулар адамзат тарыхындагы жаңы ойлоп табуунун үлгүсүн даңазалашты

Нарын шаарындагы кыргыз-түрк лицейинин 10-классынын окуучулары Нурсултан Шакиров менен Теңирбек Карыпжумаев бир декада мурун Казакстандын Алма-Ата шаарынан алтын медаль тагынып келгендиктерин окуу жайдын деректири Халил Коч билдирди.

-Окуучуларыбыз эл аралык олимпиадага катышышып, эң мыкты жаңы табылгалары менен жеңүүчү аталышты,-дейт Х.Коч мырза.

-Биз “lnformatix” аталыштагы эл аралык олимпиадага катышып келдик. Ал олимпиадага дүйнөдөгү 30дан ашык өлкөлөрдөн 308 окуучу келишкен экен. Жыйынтыгында биздин мультифункционалдык сызгыч анимациясы боюнча табылгабыз Алтын медалга татыктуу деп табылды. Мисалы, азыркы сызгыч бир гана түз сызуу кызматын аткарат. Биз ушул жөнөкөй сызгычка кошумча бир гана тетикти киргизүү аркылуу түз сызууну да, айлана чийүүнү да, бурчтуктардын градустарын так аныктоону аткара ала турган эң жөнөкөй шайманды даңазаладык,-дешет Нурсултан менен Теңирберди. Береги ойлоп табуучу окуучуларды мугалимдер Улук Жумалиев менен Ильяс Ташматов дайыма көзөмөлдөп, даярдашкан экен.

Эми бул эки окуучу июнь айынын башында Индонезияда (Жакарта) жана 14-июнда АКШда (Нью-Йорк) өтө турган кезектеги эл аралык олимпиадага катышууга даярдык көрүп жаткандыктарын Улук жана Ильяс агайлары белгилешти.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу

Түп нускага шилтеме : erkintoo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...