Акыркы макалалар

"Вечерный Бишкек" боюнча арызды УКМК иликтеп жатат

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин берген тапшырмасынын негизинде "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн жамаатынын президентке кайрылуусу боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМК кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, иликтөө УКМК жана Башкы прокуратура менен биргеликте жүргүзүлүп жатат. Буга байланыштуу "Вечерний Бишкектин" жетекчилери жана айрым кызматкерлери суралган. Мындан сырткары, президентке жазган кайрылуудагы аты аталган адамдар да суралып жатат.

Кошумчалай кетсек, иликтөө жыйынтыгы менен бул фактыга укуктук баа берилип, коомчулук кабардар болот.

Эске салсак, 17- апрель күнү "Вечерный Бишкек" басма үйүнүн эмгек жамааты президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдошкон.

Ал эми кечээ, 20-апрелде президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарына "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн жамаатынын кайрылуусунда көрсөтүлгөн айыптоолорго текшерүү жүргүзүүнү жана статусуна карабай күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга тапшырма берген.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...